Бул маанилүү жетишкендик 2025-жылдын 26-сентябрында (Өзбекстан, Ташкент) SME Banking Council жыйынында жарыяланды. Жыйын чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналып, SME Banking Club тарабынан уюштурулуп, Борбор Азиянын мыкты банктарына баа берүү жыйынтыктары сунушталды.
MBusiness – гиганттар менен бир катарда жана мекенинде да лидерликте
SME Banking Agency адистери жүргүзгөн комплекстүү баалоонун негизинде Борбор Азиянын мыкты банктары аныкталды.
Кыргызстанда MBusiness мобилдик колдонмосу биринчи орунду ээледи. Бул ийгилик MBANKты Казакстандагы Halyk жана Kaspi, Азербайжандагы Unibank сыяктуу күчтүү оюнчулар менен бир катарга чыгарып, ишкердикти колдоого багытталган санариптик чечимдерди ийгиликтүү киргизип жатканын көрсөттү.
Натыйжалар:
Кыргызстан:
- MBank.
Азербайджан:
- Unibank;
- ABB;
- PASHA Bank;
Казахстан:
- Halyk Bank;
- Bank BCC;
- Kaspi.
Узбекистан:
- Hamkor Bank;
- Ipoteka Bank;
- SQB Bank.
Кыргызстан потенциалынын эл аралык деңгээлде таанылышы
Бул жеңиш Кыргызстандын каржы системасынын тез өнүгүп жатканын жана эл аралык деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү экенин дагы бир жолу далилдеди.
MBusiness командасы Казакстандан Kaspi жана Halyk Bank, Азербайжандан Unibank, Өзбекстандан SQB өкүлдөрү менен бирге Борбор Азиядагы МСБ сегментинин өнүгүшү боюнча тажрыйбасын бөлүштү. MBANKтын инновациялык санариптик чечимдери эл аралык эксперттик коомчулук тарабынан жогору бааланды.
«Бул жеңиш — MBANKтын бүтүндөй командасынын эмгеги! Ийгилик — бул адамдар. Дал ушул адамдар MBusiness сыяктуу өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүп, ишкерлердин жашоосун жеңилдетип гана тим болбостон, Кыргызстанды санариптик чечимдердин борбору катары дүйнөгө таанытууда. Биз максаттарды коебуз — биздин күчүбүз да ушунда!» — MBANK Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Торалиев.
MBANK бизнес үчүн каржылык кызматтарды эң ыңгайлуу, жеткиликтүү жана заманбап кылууну улантууда, муну менен жалпы Кыргызстан экономикасынын өсүшүн стимулдаштырып келет.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.