MBANK Mastercard GOLD жана премиалдуу Mastercard World Elite карталарын ишке киргизди

Кыргызстандагы биринчи санариптик банкы болгон MBANK, эл аралык төлөм тутуму Mastercardтын жаңы карталарын чыгара баштаганын жарыялады: MBANK Mastercard GOLD жана MBANK Mastercard World Elite. Карталар 2025-жылдын 1-октябрынан тартып банктын бардык бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болот.

MBANK Mastercard GOLD жана премиалдуу Mastercard World Elite карталарын ишке киргизди

Mastercard карталарынын MBANKта чыгарылышы —Кыргызстандагы банктык рыноктун өнүгүүсүндөгү жаңы баскыч. Кардарлар дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, ыңгайлуулукту, коопсуздукту жана эксклюзивдүү артыкчылыктарга жетүүнү айкалыштырган өнүмдү колдоно алышат.

Mastercard GOLD: ар бир адам үчүн жеткиликтүү премиум

Бул карта ыңгайлуу бааны жана мүмкүнчүлүктөрдү баалаган кардарлар үчүн түзүлгөн:

  • Картаны ачуу жана алгачкы жылдагы тейлөө — акысыз;
  • Экинчи жылдан баштап — жылына болгону 500 сом;
  • Ыңгайлуу жана коопсуз интернет-төлөмдөр жана контактсыз сатып алуулар;
  • Ар бир сапарды жана ар бир сатып алууну ыңгайлуу кылган эл аралык Mastercard кызматтарынын жеткиликтүүлүгү. 

Mastercard World Elite: престиждин жана глобалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн символу

MBANK Mastercard World Elite — MBANKтын флагмандык өнүмү, премиум деңгээлдеги артыкчылыктар дүйнөсүнө эшик ачат:

  • Чыгаруу баасы — 15 000 сом.
  • Кыргызстандагы бардык банкоматтардан сом менен акысыз накта акча чыгарып алуу.
  • Дүйнөдөгү аэропортордун LoungeKey бизнес-залдарына чексиз кирүү (135 өлкөдөгү 1100+ зал).
  • Fast Track — ири эл аралык аэропорттордо коопсуздук текшерүүсүн артыкчылыктуу өтүү.
  • 500 000$ чейин үй-бүлө жана ата-энелер дагы камтылган саякаттык медициналык камсыздандыруу, анын ичинде шашылыш медициналык жардам жана репатриация да кирет.
  • Flexiroam глобалдык роуминг — чет өлкөдө 3 ГБ акысыз интернет + кошумча пакетке 15% арзандатуу.
  • Restaurant Offers — дүйнө жүзүндөгү 1000ден ашык ресторанда 25% чейин арзандатуулар.
  • Лоялдуулук программалары: Avis автоунаа ижарасына 35% чейин арзандатуу, Booking.com аркылуу 10% кешбэк, IHG Hotels & Resorts жана Preferred Hotels & Resorts тармактарында артыкчылыктар, EasyJet, Hertz жана Rentalcars.com кызматтарында арзандатуулар

World Elite — бул жөн гана карта эмес, премиалдуу жашоо образын түзгөн чыныгы экосистема.

Mastercard GOLD жана Mastercard World Elite карталарынын ишке кириши MBANKтын стратегиялык өнүгүүгө жана санариптик инновацияларга берилгендигин көрсөтөт. Бул өнүмдөр Кыргызстанды дүйнөлүк каржылык жана туристтик кызматтар менен бириктирген глобалдык инфраструктуранын бир бөлүгүнө айланат.

«Mastercard GOLD жана Mastercard World Elite карталарын ишке киргизүү — бул Кыргызстандагы банктык кызматта лидерликти көрсөтүү. Биз жөн гана карталарды бербейбиз — биз кардарларыбызга жаңы дүйнөгө жол ачып беребиз. Бул жерде эксклюзивдүү артыкчылыктар жана ыңгайлуулуктар — бул жөн гана люкс эмес, жаңы реалдуулук. Сиздин күнүмдүк жашооңуз жана саякаттарыңыз эми мурдагыдай болбой турганына даяр болуңуз!» - деп билдирди MBANK Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары (санариптик жана стратегиялык өнүгүү боюнча) Марат Торалиев.

Өз кезегинде Mastercard өкүлү жаңылыкка комментарий берди.

«Mastercard Gold жана Mastercard World Elite карталары — бул статус менен ишенимдин белгиси. Бул дүйнөлүк бренддин, эл аралык сапат стандарттарынын жана өлкөнүн ири банкы MBANKтын аброю менен бекемделген. Биз кыргызстандыктарга Mastercard премиум-клиенттери дүйнө жүзүндө пайдаланып жаткан артыкчылыктарга жол ачып бере алгандыгыбызга кубанычтабыз», - дейт Mastercardтын Борбор Азия жана Казакстан боюнча башкы директору Санжар Жамалов.

2025-жылдын 1-октябрынан баштап MBANKтын бардык бөлүмдөрүндө MBANK Mastercard GOLD жана MBANK Mastercard World Elite карталарын ачууга болот.

MBANK — Бининчи санарип!

КРУБ № 014 лицензиясы

Mastercard жөнүндө

Mastercard дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө жергиликтүү экономикаларды өнүктүрүп, адамдарды шыктандырып келет. Биз кардарларыбыз менен бирге ар бир адам гүлдөп-өсө ала турган туруктуу экономикалык чөйрөнү түзөбүз. Биз санариптик төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратканбыз жана транзакцияларды коопсуз, жөнөкөй, акылдуу жана жеткиликтүү кылабыз. Биздин технологиялар жана инновациялар, өнөктөштүктөр жана байланыштар адамдарга, компанияларга жана өкмөттөргө өзүнүн эң жогорку потенциалын ишке ашырууга жардам берет.

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.