Курс USD 86.85 / 87.35
Курс EUR 90.81 / 91.79
Курс RUB 0.833 / 0.871
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.85 / 87.35
EUR EUR
90.81 / 91.79
RUB RUB
0.833 / 0.871
KZT KZT
0.115 / 0.187

MBANK жана MBusiness биргеликте «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын жаңы жеңүүчүлөрүн сыйлады

MBANK MBusiness жана MKassa колдонгон ишкерлер үчүн «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын жаңы жеңүүчүлөрүн куттуктады. Жеңүүчүлөр өз байгелерин алышты – ал эми, кийинки жеңүүчү болуу үчүн акцияга катышууга шашылыңыз.
MBANK жана MBusiness биргеликте «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын жаңы жеңүүчүлөрүн сыйлады

2024-жылдын 7-октябрынан 22-декабрына чейин өлкө боюнча ишкерлер MBusiness жана MKassa төлөм куралдары аркылуу накталай эмес төлөмдөрду кабыл алуу үчүн үчүн QR коддорун жигердүү колдонууда. Ар бир транзакция - бул Toyota Camry 80 унаалары, гаджеттер жана фирмалык мерчтер сыяктуу баалуу байгелерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү.

Жаңы этаптын жеңүүчүлөрү (бул жеңүүчүлөрдүн бир гана бөлүгү):

  • ИП Л*** Ф*** - MacBook Air M2 ноутбук;
  • ИП У*** Р*** - Iphone 16 телефону;
  • ИП М*** А*** - Iphone 16 телефону.

«Жеңишке жеткендигимди билгенде аябай сүйүндүм! Мен кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барам жана күн сайын QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алам. Бул дагы иштөөгө жана өсүүгө шыктандырат, ыраазычылык билдирем», - деди жеңүүчүлөрдүн бири.

Эмне үчүн катышуу керек?

Акция уланууда! Сиздин ар бир ийгиликтүү транзакцияңыз жеңишке карай кадам болуп саналат. 2024-жылдын 22-декабрына чейин сизде төмөнкү байгелердин ээси болуу мүмкүнчүлүгүңүз бар:

  • Ар бир 5000 операция үчүн фирмалык мерч;
  • Ар бир 50 000 операция үчүн AirPods Pro 2;
  • Ар бир 100 000 операция үчүн iPhone 16;
  • Ар бир 300 000 операция үчүн MacBook Air M2;
  • Тойота Камри IX унаасы катар саны 10 000ге бөлүнүүчү сандар менен операцияларды жасаган катышуучулардын арасында QR коду аркылуу төлөмдөрдүн эң көп жүгүртүүсү үчүн ыйгарылмакчы.

«Бул акция биздин ишкерлерди колдоо жана накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу боюнча демилгебиздин бир бөлүгү. Биз кардарларыбыздын заманбап кураларды колдонуу менен татыктуу сыйлыктарды алып жатканын көрүп кубанычтабыз. Ар бир катышуучу кезектеги бактылуу жеңүүчү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ», — деп билдирди MBANKтын басма сөз кызматы.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! MBusiness жана MKassa менен QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз, байгелерди утуп алыңыз жана MBANK – Биринчи санарип! менен бизнесиңизди өнүктүрүңүз!

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.