Бул жеңиш Кыргызстанды региондогу каржы секторунун санариптик трансформациясынын лидерлеринин бири катары дагы бир жолу тастыктайт.
MBANKтын үч жолку жеңиши
International Business Magazine Awards 2025 сыйлыгынын калыстары MBANKты үч категорияда белгилешти:
- Best Digital Bank Kyrgyzstan 2025 (Кыргызстандагы эң мыкты санариптик банк 2025);
- Excellence in Contactless Payments Kyrgyzstan 2025 (Контактсыз төлөмдөр боюнча артыкчылык – Кыргызстан 2025);
- Most Innovative Mobile Banking App Kyrgyzstan 2025 (Эң инновациялык мобилдик банкинг колдонмосу – Кыргызстан 2025).
International Business Magazine Awards — Жакынкы Чыгыш жана Азиядагы финтех жана банктын инновациялары боюнча эң алдыңкы эл аралык сыйлыктардын бири. Жыл сайын бул конкурска 50 өлкөдөн 300дөн ашык каржы уюмдары катышат. Калыстар өнүмдүн инновациялуулугу, колдонуучу тажрыйбасы, технологиялык инфраструктура жана региондун санариптик экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салым сыяктуу критерийлер боюнча баа беришет.
Кыргызстандын финтех рыногу үчүн жеңиштин мааниси
MBANKтын үч сыйлык алышы – компаниянын санариптик кызматтары эл аралык стандарттарга толук жооп берерин далилдейт.
Санариптик банкинг жана контактсыз төлөмдөр боюнча жеңиштер Кыргызстандагы финтех рыногунун активдүү өнүгүп жатканын жана инновациялык каржы технологияларындагы потенциалын көрсөтүп турат.
Бул ийгилик MBANK брендинин Борбор Азиядагы санариптик банкинг лидерлигин бекемдеп эле койбостон, Кыргызстанды инвестициялык жактан дагы мыкты өлкө катары көрсөтөт. Өлкө акырындык менен финтех жана электрондук төлөмдөр багытында регионалдык мааниге ээ оюнчуга айланып барат.
MBANK — Кыргызстандан чыккан инновациялык суперапп
MBANK — кыргызстандыктар тарабынан иштелип чыккан суперапп болуп, анда азыр миңдеген кызматтарды колдонууга болот: мгновенный эл аралык которуулар, мамлекеттик кызматтарды төлөө, авиабилет жана кино билеттерин сатып алуу жана башка көптөгөн функциялар.
Бул сыйлыктар MBANKтын мобилдик банкинг, бесконтакттык төлөмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик банкинг стратегиясы боюнча лидерлигин тастыктап, компаниянын инновациялык артыкчылыктарын айгинелеп турат.
MBANKтын башкармалыгынын биринчи орун басары Марат Торалиев сыйлыктар боюнча мындай деди:
«Биздин миссия — ар бир адам үчүн керектүү кызматтарды жана инновациялык чечимдерди камтыган мыкты санариптик экосистеманы түзүү аркылуу Кыргызстанды өнүктүрүү. Бул сыйлыктар биздин стратегиянын туура экенин далилдейт. Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жатканыбызга сыймыктанабыз жана кардарларыбыздын ыңгайлуулугу үчүн санариптик кызматтарыбызды мындан ары да өнүктүрө беребиз».
КРУБ №014 лицензиясы
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться