Курс USD 88.62 / 89.45
Курс EUR 94.55 / 95.54
Курс RUB 0.939 / 0.967
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.62 / 89.45
EUR EUR
94.55 / 95.54
RUB RUB
0.939 / 0.967
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK ТОП-10 мыкты эл аралык бизнес үчүн банктардын катарына кирди

Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия мамлекеттеринин мыкты иштеген банктарын аныктаган «Business Online Banking-2024» жарышында кыргызстандык банк алдыңкы ондукка кирди.
MBANK ТОП-10 мыкты эл аралык бизнес үчүн банктардын катарына кирди

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK - эл аралык ардактуу рейтингге кирген жалгыз банк. MBusiness - ишкерлер үчүн бизнес-платформасы эксперттердин жогорку баасына татып, эл аралык деңгээлде алдыга чыкты.

Жалпы 9 өлкөдөгү: Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинадагы чакан жана орто бизнес менен жигердүү иштеген 60 банк (62 интернет-банкинг) изилдөөгө алынган.

«SME Banking Agency эксперттери 10 000 жолудан кем эмес жүктөлгөн (Google Play менен AppStore орточо маалыматы менен) жана 3,5тен жогору бааланган тиркемелерди тандап алган. Жыйынтыгында 8 өлкөдөн 33 мобилдик тиркеме шорт-листке кирген. Ар бир тиркеме 112 критерий менен бааланган. Андан сырткары мобилдик банктардын аймактагы бизнес үчүн түзгөн шарттары жана тренддери изилденген. Кыргызстандын банкы өзүнүн MBusiness тиркемеси менен жаңы технологияларды активдүү колдонуп, мамлекеттер аралык рейтингде өз позициясын эки эсеге көтөрүп, алдыңкы ондукка киргени - бизди таң калтырды», - деп жазылат агенттиктин маалыматында.

560
2024-04-03T19:40:31+06:00