Юстиция министирлиги аралыктан нотариалдык кызмат көрсөтүүнү баштайт

2025-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн жаңы форматы иштей баштайт айрым нотариалдык аракеттерди алыстан аткаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Эми жарандар жана юридикалык жактар нотариуска жеке барбастан, бир катар процедураларды онлайн тартипте аткара алышат.

Юстиция министирлиги аралыктан нотариалдык кызмат көрсөтүүнү баштайт
Фото: www

Сөз эң көп талап кылынган аракеттер жөнүндө жүрүүдө:

  • ата-энелердин макулдугун күбөлөндүрү;
  • ата-энелердин, асырап алуучулардын, камкорчулардын жеке кзөмөлчүлөрдүн жашы жетеэлектерди Кыргызстандын чегинен чыгарып кетүүгө макулдугун күбөлөндүрүү;
  • жашаган жери боюнча каттоого макулдукту күбөлөндүрүү;
  • паспорт алууга макулдукту күбөлөндүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же андан чыгууга макулдукту күбөлөндүрүү;
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигинен маалымкаттар менен документтерди алуу үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз);
  • Мамлекеттик бажы кызматында жүктөрдү бажыдан өткөрүү үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз).

Маанилүү өзгөчөлүгү кызматтар өлкөнүн ичинде гана эмес, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн да жеткиликтүү болот. Бул чечим дүйнөнүн каалаган жеринен юридикалык күчкө ээ документтерди алууга жол ачат.

Алыстан нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнүн башталышы нотариат тармагындагы системалуу реформанын бир бөлүгү. Минюст процесстерди санариптештирүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө басым жасап, кызматтарды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык кылууну максат кылууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.