Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Эмгек министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого 19 млн сомдон ашык каражат бөлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган ири долбоорду ишке ашырууну улантууда.

Эмгек министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого 19 млн сомдон ашык каражат бөлдү
Иллюстрациялык сүрөт

Министрликтен билдиришкендей, 2026-жылдын башынан тартып республика боюнча инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү 127 долбоор ишке ашырылды. Аларга 3 643 аз камсыз болгон үй-бүлө, башкача айтканда 18 285 жаран катышты. Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында үй-бүлөлөргө 1 151 тоннадан ашык азык-түлүк жардамы, анын ичинде ун жана өсүмдүк майы таратылды.

Мындан тышкары, министрлик тарабынан республиканын айрым шаарларында жашаган калктын эң аялуу катмарларын шашылыш колдоого багытталган 36 долбоор «Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна накталай акча каражаттары» схемасы боюнча ишке ашырылды. Бул долбоорлорго 1 320 аз камсыз болгон үй-бүлө (4 782 жаран) катышты. Төлөнгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 19,1 млн сомду түздү.

Аталган долбоорлор турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоого, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын жаңы көндүмдөргө ээ болушуна жана киреше деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Эске салсак, 2026-жылдын башынан бери 7 042 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз бизнесин баштоого жана туруктуу киреше булагын түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.