Улуттук банк бүгүндөн тарта «Өрүкзар» деген аталыштагы күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Бүгүн, 16-ноябрда КРнын Улуттук банкы «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы номиналы 10 сом болгон «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Монетанын алдыңкы бетине гүлдөп турган, кооз өрүк бутагы чагылдырылган. Бажырайып ачылган өрүк гүлү жазды, кыргыз жеринин жаңылануусун жана мол түшүмдү элестетет. Монетанын оң жагында «Өрүкзар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.
Монетанын арткы бетинде бышып турган өрүктүн мөмөлүү бутагы чагылдырылган. Ал эми оң жагында «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.
«Өрүкзар» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Монетанын нускасы 1 миң даана.
«Өрүкзар» коллекциялык монетасын чыгаруу Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш объектилерин жана корукка алынган аймактарын сактоого жана даңазалоого багытталган, ал жерлерде өрүктүн өзгөчө сортторун өстүрүү кылымдардан бери келе жаткан салт», - деп жазылат маалыматта.
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета КРнын Улуттук банкынын мекемелеринин кассаларында - 8 миң 220 сом баасында, иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатылат.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.