Улуттук банк кардарларды алдамчылыктан коргоо үчүн катуу талаптарды киргизди

Буга чейин КРнын мыйзамдарында банк секторунун алдамчылыктан коргоо тутумдарына карата талаптар жок болчу. Улуттук банктын токтому банк тармагындагы алдамчыларга каршы күрөштү күчөтөт.

Улуттук банк кардарларды алдамчылыктан коргоо үчүн катуу талаптарды киргизди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 26-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алынды. Документ  Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Алдамчылык менен жүргүзүлгөн операциялар коммерциялык банктарга гана зыян келтирбестен, калктын финансы институттарына болгон ишенимине да кесепетин тийгизүүдө. Ишеним деңгээлинин начарлашы банк секторунда санарип технологияларынын өнүгүшүн жайлатат жана инвестицияларды азайтат.  

Кабыл алынган токтомдо тобокелдик деңгээлине жараша өз убагында чара көрүүнү жана алдамчылыкты аныктоону камсыз кылган автоматташтырылган же жарым автоматташтырылган системаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга карата милдеттүү талаптарды белгилөө каралган. Бул чаралар төмөнкүлөргө багытталган:

  • операциялык тобокелдиктерди контролдоону күчөтүүнү камсыз кылууга; 
  • финансылык уюмдардын алдамчылык аракеттерге туруктуулугун жогорулатууга; 
  • кардарлардын активдерин коргоого; 
  • бүтүндөй банк системасына ишенимди бекемдөөгө. 

Төмөнкүлөргө байланыштуу жана аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн бардык транзакциялар алдамчылык тобокелдигин баалоодон өтүүгө тийиш:

  • кредиттерди берүүгө; 
  • төлөм QR-коддорун колдонууга; 
  • каражаттарды банк ичинде жана банктар аралык которууга; 
  • «ГРОСС/КЛИРИНГ» системаларын пайдаланууга; 
  • эл аралык каражаттарды которууга (SWIFT жана башка эл аралык акча которуу системалары); 
  • накталай акча каражаттарын чыгарып алууга; 
  • POS-терминалдар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга; 
  • каражаттарды виртуалдык актив капчыктарына жана чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооругунун операторунун эсептерине которууга; 
  • пайдалануучу үчүн мүнөздүү болбогон булактардан карыздарды төлөөгө; 
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн алдын ала төлөнгөн карталарды пайдаланууга; 
  • депозиттик түзүлүштөр (кэш-ин түзүлүштөр) аркылуу акча каражаттарын чегерүүгө; 
  • виртуалдык карталарды колдонуу менен ишке ашырылган транзакцияга; 
  • онлайн-казинонун, оюн сервистеринин жана букмекердик сайттардын эсептерине жана платформаларына которууга; 
  • алдамчылыкты алдын алуу боюнча өз саясатынын алкагында банк тарабынан аныкталган башка операцияларга. 

«Транзакцияларды ишке ашырууда алдамчылыктын тобокелдигин баалоо максатында банк транзакцияны шектүү же алдамчылык катары таануу үчүн негиз болуп саналган алдамчылык критерийлерин колдонууга милдеттүү. Банктар транзакцияларды, геолокацияны, кирүү убактысын жана эсеп менен өз ара аракеттенүүдөгү кардардын профилинен кандайдыр бир кескин же адаттан тыш четтөөнү көзөмөлдөп турушу керек», — деп айтылат документте.

Мындай шектүү белгилер байкалса, банк 30 жумуш күнү ичинде калыбына келтирүү чараларын иштеп чыгып, колдонууга киргизүүгө тийиш.  

Документ менен толук таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Эске салсак, Улуттук банктын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору 2025-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган. Документ КРнын коммерциялык банктарындагы ички жана тышкы алдамчылык менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө, ошондой эле банк операцияларынын коопсуздугун жогорулатууга жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.