Улуттук банк каржы рыногун өнүктүрүү үчүн Ачык API бирдиктүү стандартын колдонууну сунуштады

КРнын Улуттук банкы «Ачык API бирдиктүү стандарттарын колдонуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр» долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Сунуш-көрсөтмөлөр долбоору банктар, финтех компаниялар жана мамлекеттик тейлөө кызматтары ортосунда маалыматтарды коопсуз алмашууну камсыз кылууга жана төлөмдөрдү демилгелөөгө мүмкүндүк берген Ачык API – технологияларын колдонуу боюнча бирдиктүү эрежелерди жана ыкмаларды түзүү максатында иштелип чыккан.
Ачык API - бул бирдиктүү API стандартынын негизинде маалыматтарды санарип алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган программалык интерфейстер.
Ачык API катышуучулары системада өз ишин мыйзамдардын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырышат:
- ачыктык жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо;
- колдонуучунун маалыматтарынын коопсуздугу жана купуялыгы;
- маалыматтардын бүтүндүгү;
- Ачык API аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты;
- Ачык API бардык катышуучуларынын өз ара иштешүүсү.
Ачык API ишке ашырууда банктар КРнын Улуттук банкына билдирүү менен API бирдиктүү стандарттарын колдонууга тийиш. Төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Улуттук банкка кабарлоо шартында Ачык API колдонууга ыктыярдуу түрдө катыша алышат.
Маалымат ээлери болуп саналган Ачык API катышуучулары КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, келишимдик шарттарда бардык башка катышуучуларга өздөрүнүн маалыматтарына жана эсептерине жетүүнү камсыз кылууга тийиш. Катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салган эрежелерди, КРнын Улуттук банкынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган учурда Улуттук банк Ачык API системасынын каалаган катышуучусунун катышуусун токтотушу мүмкүн.
Бирдиктүү Ачык API стандарттарын колдонуунун алкагында банк төмөнкүлөргө байланыштуу маалыматтардын болушун жана алмашуусун камсыздай алат:
- банктык жана башка эсептешүү эсептери, анын ичинде калдыктар жана операциялар;
- филиалдардын, сактык кассалардын, банкоматтардын, терминалдардын жана катышуучулардын тейлөө терминалдарынын жайгашкан жери;
- банктык жана төлөм продуктылары жана кызматтары.
Бирдиктүү Ачык API стандарттарын колдонуунун алкагында төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
- төлөмдү баштоо кызматы;
- эсеп маалымат кызматы;
- банктык жана финансылык продуктылар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн салыштырма маалымат кызматтары;
- филиал, банкомат, POS-терминал кызматтары.
Ачык API катышуучуларынан КРнын мыйзамдарына же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ачыкка чыгарылууга жатпай турган маалыматтарды берүүгө милдеттүү эмес.
Колдонуучулардын аутентификациясы ар бир макулдук үчүн, анын ичинде ар бир төлөм башталышы үчүн жүргүзүлүшү керек. Маалыматтарды кабыл алган банктын же төлөмдү демилгелеген катышуучунун аутентификациясы ар бир интерфейстик туташуу үчүн, б.а. ар бир маалымат алмашуу суроо-талабы үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.
Колдонуучунун ырастоосу:
- аутентификация процедураларынан кийин ишке ашат;
- колдонуучуга маалымат алмашуудан же төлөмдү баштоодон баш тартууга мүмкүнчүлүк берүү.
Ачык API катышуучулары өз колдонуучуларынын алдында мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, жеке маалыматтарды коргоо жана кызматтарды көрсөтүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
Бирдиктүү Ачык API стандарттарын колдонуу боюнча сунуштамалардын долбоору тууралуу кеңири маалыматты шилтемеден алса болот.
Төлөм системаларынын катышуучулары сунуш-көрсөтмөлөр долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 15-августунан кечиктирбестен [email protected] / [email protected] электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Эске салсак, 2025-жылдын январында КРнын Улуттук банкы «Банк жана төлөм кызматтары боюнча маалымат алмашуу жана жеткиликтүүлүк үчүн API стандартынын долбоорун» коомдук талкууга койгон. Анын негизги максаты ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен Ачык API чөйрөсүндө катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүнө бирдиктүү мамиле түзүү болгон.
API - бул программалык тиркемелерди түзүү үчүн процедуралардын, протоколдордун жана куралдардын жыйындысы. API программалык камсыздоо компоненттеринин өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.
Стандарт коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана Кыргызстанда иштеп жаткан Ачык API чөйрөсүнүн башка катышуучулары тарабынан колдонууга сунушталат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.