Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Мурас» турак жай комплекси 39 блоктон турат, анын 19у аяктады. Бул ирет 1080 батирдин ачкычы тапшырылды. Буга чейин 986 батир берилген. Учурда дагы 2688 батирдин курулушу жигердүү жүрүп жатат, алар белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Комплекстин аймагында ошондой эле балдар бакчасы, мектеп, паркинг жана башка социалдык объектилер жайгашат.

«Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган аталган комплекстеги кезектеги батирлердин берилиши өлкөбүздөгү турак жай саясатынын туура багытта ырааттуу ишке ашырылып жатканынын далили деп ишенимдүү айта алабыз», - деди президент Садыр Жапаров.
Ал белгилегендей, МИК 10 млн сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган, учурда уставдык капиталын 87 млрд сомго жеткирип, келечекте 200 млрд сомго чыгаруу максатын койгонун эске салды.
Ал 2025-жылы мекеме 4 662 үй-бүлөнү турак жайлуу кылып, 2024-жылга караганда 4 эсеге көп батир бере алганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы азыркы учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарыбызга берилмекчи.
Президент МИК өлкөбүздөгү өз үйүм болсо деп кыялданган бардык мекендештерди үйлүү-жайлуу кылуу үчүн ишмердүүлүгүн так анализ, туура эсептөөлөр менен алып барарын белгиледи.
«Компания батирлерди турак жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканын жакшы билесиздер. Бул керек болсо өлкөдөгү инфляция денгээлинен да төмөн. Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жеке компанияларга турак жай куруп, бир чарчы метрин 700 доллардан «под ключ» кылып тапшырууга тапшырма бердик. Курулуш бүткөндөн кийин алар бул батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп беришет. Дал ушул баада биз бул үйлөрдү сатып алабыз. Өз кезегинде, Мамлекеттик ипотекалык компания 250 доллар кошуп, турак жайды чарчы метрин 950 доллардан сатат. Туура түшүнүңүздөр: Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди 25 жылга бергендиктен, бул 250 доллар бүткүл бул мезгилдеги инфляцияны жаппайт, андан тышкары - инфляциялык жоготуулардын жарымын да жаппайт. Ага карабастан, биз жарандар үчүн жеңилдиктерди түзүү максатында ушундай шарттарга макулбуз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, чарчы метри жок дегенде 1500 доллар турмак», - деди президент.
Ал курулуш материалдарынын наркынын өсүшүн, куруучулардын эмгек акысын, инфраструктуранын өнүгүшүн, насостук станцияларды жана тазалоочу курулмаларды курууну эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.
Президент ошондой эле келечекте ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун кеңейтүүнү пландаштырып жатканын кошумчалады.
«Быйыл биз МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегинде каражат бөлөбүз. Кийинки жылдан баштап ипотекалык компания бюджеттик каражат албайт. Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен МИК 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди турак үй менен камсыз кыла алат», - деди өлкө башчы.
Андан соң президент Садыр Жапаров батирлердин ачкычын тапшырып, батирлерди көрүп чыкты.

МИК түзүлгөндөн тарта жалпы 14 945 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды.
Эске салсак, «Мурас» турак-жай комплекси 47-түзөтүү колониясынын ордуна курулган. Колония шаардын калк жыш жайгашкан аймагында жайгашкандыктан, коомдук коопсуздукка коркунуч туудургандыктан жана имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу көчүрүлгөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.