Ичинде 136 млн рубль бар чемодан Бишкекке жетпей калды
«Шереметьево» аэропортунда бажычылар Бишкекке миллиондогон накталай акчаны алып чыгууга аракет кылган 28 жаштагы орусиялык жаранды токтотушту.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал каттоо бөлүктөн чемоданын багажга өткөрүп, өзү кол жүгү менен учуп кетүү аймагына жөнөгөн.
Чемоданды текшерүү учурунда бажычылар желим менен таңылган беш миң рублдик купюралардын 108 таңгагын табышкан. Жалпысынан анда 129 млн рубль болгон. Ошондой эле ал дагы 7 млн рублди кол жүгүндө алып өтүүгө аракет кылган.
Жүргүнчүгө карата тыюларды жана чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн Орусиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 16.3-беренеси боюнча административдик укук бузуу тууралуу иш козголду.
Соттун чечими менен өлкөдөн алып чыгууга уруксат берилген суммадан ашкан акча каражаттары конфискацияланды. Ошол эле учурда аталган жаран накталай акчанын кайдан келгенин түшүндүрүүдөн баш тарткан.
Федералдык бажы кызматы жеке жактарга ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга накталай түрдө 1 млн рублдан ашык эмес акча алып чыгууга уруксат берилерин эскертти.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.