Курс USD 88.63 / 89.46
Курс EUR 94.69 / 95.69
Курс RUB 0.945 / 0.972
Курс KZT 0.139 / 0.207
USD USD
88.63 / 89.46
EUR EUR
94.69 / 95.69
RUB RUB
0.945 / 0.972
KZT KZT
0.139 / 0.207

«Миллиондор оюну» акциясынын алкагында жаңы миллионерлер жана жеңүүчүлөр аныкталды

«Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК/ MBANK «Миллиондор оюну» акциясынын алкагында байгелерди ойнотууну улантууда. Бүгүн, 23-апрелде, банктын башкы түйүнүндө акциянын кезектеги жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
«Миллиондор оюну» акциясынын алкагында жаңы миллионерлер жана жеңүүчүлөр аныкталды

Бул жолу ийгилик 12 кишиге жылмайып, анын ичинен экөө 1 000 000 сомдун жана калган ону 100 000 сом утуштун ээлери болушту. Миллион сомдун жеңүүчүлөрүнүн бири Каныкей Жалал-Абаддан келгенин жана бул белек ал үчүн чоң сюрприз болгонун айтты.

«Өзүм Жалал-Абад шаарынын тургуну болом. Аябай толкунданып, сүйүнүп турам. Акциянын бирични этабын билбей калгаа. Экинчи этабы боюнча маалыматты блогер Канат Шабданбековдун «Инстаграм» баракчасынан көрүп, «К» тамгасын табууга кызыга баштадым. Негизи «МБАНК» деген сөзүн топтоп, 100 000 сом утуп алсам деп кыялданып, бүтүндөй миллион сом утуп алдым! Албетте абдан жагымдуу кабарды уккан соң үй-бүлөбүз менен бүгүнкү иш-чарага катышууга келип отурабыз».

Миллион сомдун экинчи жеңүүчүсү Виктория буларга токтолду:

«Чынын айтсам, мен дагы деле ишене албай жатам. Мен үчүн күтүлбөгөн белек болду. Албетте тиркемени көп колдоном, көбүнчө интернет төлөмдөрдү төлөйм. Абдан ыңгайлуу. Каражаттын белгилүү бир өлчөмүн кайрымдуулукка жумшайм. Калган акчага авто унаа сатып алуу ниеттемин».

Mbank башкармалыгынын төраганын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып, бул учурдун маанилүүлүгүн белгилеп, акциянын бардык катышуучуларын жеңиши менен куттуктады.

«Биз ар дайым кардарлар үчүн иштейбиз. Бул акция дагы уланып жатат. Мындай акцияларды дагы да улантабыз деп ишенебиз. Катышыңыз, байгелерге ээ болуңуз жана жеңишке сөзсүз ишениңиз».

Ал ошондой эле «Миллиондор оюну» акциясынын артынан өлкө боюнча накталай эмес төлөмдөрдүн саны өсүп, өлкөнүн экономикасын жакшыртары шексиз экенин баса белгиледи.

100 миң сомдук байге он жаранга жылмайды. Баарынан кызыгы өздүк майрамында утуштун ээси аталган жаран ал үчүн бүгүнкү күн кош майрам болуп жатканын жашырган жок. 

  1. Алия И. Д.
  2. Алина Ж. А.
  3. Аида К. К.
  4. Айгүл Ж. Ж.
  5. Касым Т. Т.
  6. Бакыт Ж. Ж.
  7. Эдвин Ш. П.
  8. Sharaffidin N.K. UGL
  9. Э. уулу Бектемир
  10. Тимур Т. Э.

Иш-чарага акциянын жеңүүчүлөрү, кызматкерлери, өнөктөштөр жана банктын амбассадору, блогер, журналист Назира Айтбекова катышты.

Бүгүн акциянын экинчи этабы аяктады жана 5-майдан тарта акциянын үчүнчү этабы старт башталат. Анын алкагында «МБАНК» жана «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү чогулткан кардарлар жеңүүчү боло алышат.

Акцияга катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Mbank тиркемесинин нускамасын жаңыртуу менен push-билдирүүсүн жаңыртыңыз;
  • 200 сом жана андан жогору төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн;
  • тамгаларды чогултуу.

Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 15-мартынан 2-июнуна чейин уланат. Акциянын эрежелери жана шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты https://mbank.kg/million сайтынан окуй аласыз.

Акцияга катышып, миллионер болуңуз!

MBANK – биринчи санарип!