Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Негизги бекитилген эреже:
Соода ишмердүүлүгү үчүн патенттин негизги салык суммасы, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын ставкалары, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын жана кичи базарлардын реестри.
Базарларда жана кичи базарларда, ошондой эле аянты 30 чарчы метрге чейинки стационардык соода жайларында иштеген ишкерлер патент боюнча иш жүргүзө алышат.
Соода борборлорунда жана өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн субъекттер патенттик системаны колдонууга укугу жок.
Патент алуунун шарттары
Бир соода орду үчүн патенттин ставкасы туруктуу болуп эсептелет жана соода аянтына жана учурдагы календардык жылда алынуучу кирешенин көлөмүнө жараша аныкталат. Патенттик система боюнча иш жүргүзүү үчүн ишкер жергиликтүү салык органына тиешелүү арыз менен кайрылууга тийиш.
Патентти салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу, мобилдик банкингдерден, төлөм терминалдары же жергиликтүү салык органдары аркылуу алууга болот.
Өзгөчө режим жана базарлардын реестри
Токтом менен өзгөчө режимдеги соода аймагына тиешелүү салык ставкалары жана бул режим колдонулуучу базарлардын реестри бекитилди. Реестрге 17 базар киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди жаңы салык мыйзамдарынын нормалары менен жакшылап таанышууга жана аларды өз ишмердүүлүгүндө эске алууга чакырат.