Бул: «Керектөөчү кредит жөнүндө», «Банктык укук мамилелери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору.
Демилгечи – депутат Данияр Толонов белгилегендей, «Керектөөчү кредит жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты керектөөчү кредит берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын укуктук режимди түзүү болуп саналат.
Анын айтымында, жаңы нормалардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- керектөөчү кредит берүү шарттарынын ачык-айкындуулугун жана салыштырмалуулугун камсыз кылуу;
- жарандардын ашыкча карыздык жүгүн алдын алуу;
- финансы рыногундагы ак ниетсиз практикалардын жашыруун комиссиялар, таңууланган кызматтардын алдын алуу;
- финансы системасына болгон ишенимди жогорулатуу жана жоопкерчиликтүү кредит берүүнү өнүктүрүүгө түрткү берүү.
Кабыл алынган мыйзамдар өлкөнүн керектөө кредити рыногунда иштөөнүн цивилизациялуу жана коопсуз эрежелерин иштеп чыгууга негиз түзөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.