Жаңы салык эрежеси: таза иштеген компанияларга текшерүүлөрдү азайтуу

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салык жүгүн азайтууга жана ишкердикти колдоого багытталган салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Жаңы салык эрежеси: таза иштеген компанияларга текшерүүлөрдү азайтуу
Иллюстрациялык сүрөт

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине уюмду жоюуда жана жеке ишкердикти токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынган.

«Бирок, мыйзам чегинде, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында салыктык текшерүүлөр жүргүзүлө берет», – деп белгиледи Ысабеков.

Мындан сырткары, «Салык төлөөчүнүн рейтинги» институту ишке киргизилип жаткандыгын жана бул система салык төлөөчүлөрдүн тартиптүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн баалоого багытталгандыгын маалымдады.

Рейтингге жараша салык төлөөчүлөгө ар кандай чаралар каралат. Мисалы, жогорку рейтингге ээ салык төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү азайтуу, салыктык карыздарды бөлүп төлөө сыяктуу ар кандай жеңилдиктер берилет. 

Ал эми рейтинги төмөн ишкерлерге карата көзөмөл күчөтүлөт.  

Салык кызматынын төрагасынын орун басары белгилегендей, бул ыкма ишкерлерди колдоого, адилеттүү атаандаштыкты жана салык төлөө маданиятын жогорулатууга багытталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Калктын жана ишкердик субъекттердин салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койгон.

Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.