Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

Эми MBANK Junior картасын ачуу мурдагыдан да жеңил болуп калды!

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан»| MBANK MJunior картасын каттоо процессин мурдагыдан да жеңил жана ылдам кылды. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана керектелет.
Эми MBANK Junior картасын ачуу мурдагыдан да жеңил болуп калды!

Болгону бир канча кадам менен гана ата-энеге катталган, балага тиешелүү картаны ала аласыз.

MBANK Junior картасын ата - энеге кантип катоого болот?

  1. MBANK колдонмосуна катталыңыз. MBANK аккаунтуңузга кириңиз жана негизги баннерге өтүңүз.
  2. «Баланы кошу» бөлүмүн тандаңыз. «Картаны өзүңүзгө каттоо» бөлүмүн тандаңыз жана баланын персоналдык маалыматтарын толтуруп, баланын жынысын, сүрөтүн кошуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, балага каттоону өтүңүзСөзсүз толтурулган маалыматтарды текшерип чыгыңыз.
  3. Каттоону тастыктаңыз. «Тастыктоо» баскычын басып, тастыктоо сыр сөзүн жазыңыз.
  4. Баланын телефонуна колдонмону көчүрүңуз. MBANK колдонмосун баланын телефонуна көчүрүңуз.
  5. Картага буйрутма бериңиз. Картанын ийгиликтүү ишке киргизүүсү үчүн MBANK Junior картасына буйрутма бериңиз.

«MBANK ар дайым кардарларынын керектөөлөрүн тыкыр көзөмөлдөйт жана аларды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн өз кызматтарын ыңгайлаштырып турат. MBANK Junior карталарын каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүү - биздин кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу жана ар бир үй-бүлө үчүн мыкты каржылык чечимдерди түзүү стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат», - дейт массалык сегмент үчүн санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмаз Мамырбаев.

Альтернативалык каттоо ыкмалары

Андан тышкары санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болгондор үчүн Тундук кызматы аркылуу, ошондой эле банктын кеңселеринде оффлайн каттоодон өтүү мүмкүн. Жаңы опция MBANK тиркемеси аркылуу картага оңой катталууну каалаган ата-энелер үчүн ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Коопсуздукту жогорулатуу жана кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу үчүн MBANKтын чектөөсү: бир ата-энеге экиден ашык балдар картасы берилбейт.

MBANK – биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы

822
2024-09-03T16:33:03+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.