Финансылык жөнгө салуучу органдын статистикасына ылайык, 2025-жылдын октябрында жеке жактардан чек аралык акча которуулардын агымы сыртка чыгуудан 308 миллион долларга ашты.
Акча которуулардын агымы
2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн. Алардын ичинен:
КМШ өлкөлөрүнөн келген - 321,6 млн доллар
- Казакстандан - 3,6 млн доллар;
- Орусиядан - 316,9 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн - 1 млн доллар.
Алыскы чет өлкөлөрдөн – 18,9 млн.
- АКШдан - 12,1 млн доллар;
- Түркиядан - 0,8 млн доллар;
- Түштүк Корея - 0,5 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн - 5,5 млн доллар.
Кыргызстанга акча которуунун негизги булагы Орусиядан келет. Алардын негизги үлүшүн Кыргызстандагы үй-бүлөсүн керектүү жашоо-тиричилик менен камсыз кылган эмгек мигранттары түзөт.
Акча которуулардын эквивалентин эсептөө КРнын Улуттук банкынын операция жасалган күндөгү расмий курсу боюнча жүргүзүлгөн.
Акча которуулардын агылып чыгышы
Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган.
КМШ өлкөлөрүнө 29,5 млн доллар;
- Казакстанга - 0,1 млн доллар;
- Орусияга - 26,7 млн доллар;
- Башка өлкөлөргө - 2,6 млн доллар.
3 млн доллар - алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
- АКШга - 0,1 млн доллар;
- Түркияга - 2,7 млн доллар;
- Түштүк Кореяга - 0,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөргө - 0,2 млн доллар.
Маалымат үчүн:
2022-жылдан баштап статистикалык маалыматтар акча которуу системаларынан башка төлөм инструменттерин колдонуу менен жүзөгө ашырылган жеке жактардан эл аралык акча которуулар менен толукталат. Акча которуулар боюнча статистикалык маалыматтардын булагы Кыргызстандын коммерциялык банктарынын отчеттору саналат.
Жеке жактардын чет жактык акча которуулары - бул төмөндөгүлөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу жеке адамдардын эл аралык акча которуулары:
- акча которуу системалары;
- банктык мобилдик тиркемелер;
- электрондук капчыктар;
- «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу которуулар.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын июнь айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы 295,1 миллион долларды, июль айында 317,7 миллион долларды, августта 342,5 миллион долларды, сентябрда 295,8 миллион долларды түзгөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.