Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,6%га төмөндөдү

2025-жылдын 1-августуна карата ишке орноштуруу кызматынын мамлекеттик органдарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 64,8 миң адамды түздү.

Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,6%га төмөндөдү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине шилтеме берүү менен Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Документте бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,1%га аз экени көрсөтүлгөн.

Жумушсуз жарандардын жалпы санынын ичинен 45,3 миң адам катталган жумушсуздар деп таанылган, бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 21,4% аз.

Маалыматка ылайык, катталган жумушсуздардын дээрлик жарымын – 45,7%ын аялдар түзөт.

Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздук деңгээли 2025-жылдын 1-августуна карата 1,6%ды түздү.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.