Анын айтымында, 2025-жылга республикалык бюджетте эмгек акы төлөөгө 130 миллиард сом каралса, анын 18 миллиард сому айлыкты көбөйтүүгө багытталган.
Ал белгилегендей, 2026-жылы өкмөт бюджеттик тармактын кызматкерлеринин кирешесин да бир топ жогорулатууну пландаштырууда.
«Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи этапта 1-апрелден баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз. Экинчи этабында 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга чейин көбөйтөбүз», - деп белгиледи Касымалиев
Ал кошумчалагандай, буга байланыштуу 39 млрд сом кошумча каражат эмки жылдын бюджетине киргизилди.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.