Маалыматка ылайык, милицияга 66 жатагы аял арыз менен кайрылып, өздөрүн ар кандай мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, алдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Аталган адамдар банк эсептерин текшерүү жана мүлктү коргоо шылтоосу менен жаранды алдап, анын акча каражаттарын ээлеп алышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шылуундар жабырлануучуну өзүнө таандык батирин сатууга көндүрүшкөнү аныкталган. Батирди сатуудан түшкөн 60 миң АКШ доллары (дээрлик 4,9 млн сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алардын көрсөтмөсү боюнча ар кандай банк эсептерине төлөм терминалдары аркылуу которуп берген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда милиция кылмышка тиешелүү башка жарандарды аныктап жатышат.
ШИИББ эскертет: мамлекеттик органдын жана банк кызматкерлери эч качан мүлктү сатууну талап кылбайт.
Эгерде сизге ушул сыяктуу чалуулар келип түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, 102 номуруна чалыңыз.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.