ЭКӨУ: Дүйнөдөгү жаштардын жарымы реалдуу инвестиция менен финансылык пирамидаларды айырмалай алышпайт

Бул тууралуу депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
«Келгиле, «Глобалдуу акча жумалыгы – 2025» эл аралык кампаниясынын алкагында финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүнө токтоло кетели. Бул демилге - бир гана сандар, пайыздар жана бюджеттер жөнүндө эмес. Бул ар бирибиздин күнүмдүк жашообуз жөнүндө. Биз тез өнүгүп өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашап жатабыз: технология күн сайын өсүп жатат, онлайн алдамчылык күч алууда мындан улам финансылык ката кетирсек бул биз үчүн кымбатка туруп калат. Дал ушул себептен улам биз өз каражатыбызды коргогонду жана банктык система кандай иштей турганын түшүнүшүбүз керек, ошондо гана алдамчылардын тузагына түшпөйбүз», - деп билдирди Гүлжан Айдарова.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин методология жана анализ бөлүмүнүн башчысы эмне үчүн «Глобалдуу акча жумалыгы - 2025» кампаниясынын негизги багыттарынын бири, ар бир жарандын финансылык коопсуздугунун эң маанилүү элементи болгон депозиттерди коргоо темасы болгонун түшүндүрдү.
Салымдарды коргоо деген эмне?
Депозиттерди коргоо бул – банк банкрот болгон учурда аманатчынын акчасын кайтарып берүүгө кепилдик берүүчү мамлекеттик система. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын агенттиктер (Кыргызстанда бул Депозиттерди коргоо агенттиги) бар, алар белгиленген лимиттин чегинде каражаттарды кайтарууну камсыз кылат. Эгерде банк кыйын кырдаалга туш болсо, аманатчылардын акчасы белгиленген лимиттин чегинде корголот.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Көпчүлүк, өзгөчө жаңыдан акча топтой баштагандар үчүн эң биринчи фактор бул - банктарга болгон ишеним болуп саналат. Эгерде жаран анын акча каражаттары мамлекет тарабынан мыйзамдык деңгээлде корголорун билсе, ал банк сунуштаган продуктыларды максималдуу колдонууга даяр: мисалы, депозиттерди ачууга, инвестиция салууга жана башка. Бул кадамдар анын жеке бакубаттуулугуна гана өбөлгө болбостон, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын да колдоого алып келет.
«Жаштарга финансылык билим берүү өзгөчө мааниге ээ. Финансылык коопсуздуктун негиздерин кичине кезиңизден түшүнүү сизге туура чечим чыгарууга, тобокелдиктерден качууга жана акчага туура мамиле жасоого жардам берет. Глобалдуу акча жумалыгы учурунда дүйнө жүзү боюнча сабактар, семинарлар, бизнес оюндары жана эксперттер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. 2025-жылы жеке каржыны коргоого көңүл бурулган. Бул жаштарга маанилүү билдирүүнү жеткирүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк: банк эсебиндеги акча ал жөн эле сандар эмес, мыйзам тарабынан корголгон актив», - деп кошумчалады Гүлжан Айдарова.
Анын айтымында, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун (ЭКӨУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча жаштардын 38% гана негизги финансылык сабаттуулукка ээ. Дээрлик 50% реалдуу инвестицияларды финансылык пирамидалардан айырмалай албайт.
«Ачыгын айтканда, бул статистика кооптондурбай койбойт. Бирок жакшысы мунун бардыгын өзгөртүүгө болот. Финансылык сабаттуулук - тубаса талант эмес, аны өнүктүрүүгө боло турган жөндөм. Бул велосипед тепкенди үйрөнүү же чет тилин өздөштүрүү сыяктуу - жөн гана баштоо керек. Биздин агенттик бул демилгеге активдүү катышат: окуу иш-чаралары, лекциялар жана семинарларды өткөрүп келет», - деди Айдарова.
Азыртадан эмне кылып баштоо керек? Эң жөнөкөйүнөн баштаңыз
- киреше жана чыгышаңызды жазыңыз;
- сизге түшкөн ар бир каражаттын 10% чогултуңуз;
- каражат тууралуу ишенимдүү булактардан окуңуз;
- интернеттеги жеңил келе турган акчага жана көбөйтүп бере турган каражаттарга ишенбеңиз.
Эске салсак, 2023-жылдын 10-июнунда КРнын «Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирген. Анда мыйзам боюнча коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай кооперативдердин депозиттери боюнча компенсациялардын өлчөмү кепилдик учуру (банкроттук) болгон учурда 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн.
#GMW2025
#GMWKyrgyzstan2025
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.