Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.24 / 102.24
Курс RUB 1.085 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.24 / 102.24
RUB RUB
1.085 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

2025-жыл: Wildberries платформасындагы Кыргызстандын топ товарлары

Кыргызстандык ишкерлердин Wildberries маркетплейсинде сатуулары январь айынан июль айына чейин 2024-жылдын экинчи жарымына салыштырмалуу акчалай түрдө 53%га жана буйрутмалардын саны боюнча 48%га өстү.
2025-жыл: Wildberries платформасындагы Кыргызстандын топ товарлары

Бул тууралуу аталган платформанын маалымат кызматы билдирди. 

Компаниянын айтымында, Кыргызстанда электрондук коммерция жигердүү өнүгүп, экспорт көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө чоң салым кошууда. 2025-жылдын биринчи алты айында экспорттук буйрутмалардын саны 148%га өстү. Платформада Кыргызстандан жаңы сатуучулардын саны 37%га өстү.

Экспорттун негизги багыттары:

  • Орусия — 152% өсүү;
  • Беларусь — +155%;
  • Өзбекстан — +111%;
  • Армения — +47%;
  • Казакстан — +41%

Грузия менен Тажикстанга алгачкы ташуулар башталды.

Сатуу көлөмү эң көп өскөн категориялар (дааналап):

  • Автоунаа тетиктери жана кошумча жабдуулар — +149%;
  • багбанчылык азыктары — +101%;
  • Спорттук тамактануу жана боенгучтар — ар бири +95%;
  • Ден соолук товарлары — +95%;
  • Спорт буюмдары — +65%;
  • Тамак-аш азыктары — +63%;
  • Сулуулук товарлары — +61%;
  • Бут кийим жана зер буюмдар — +54% жана +55%;
  • Кийим-кече — +33%.

Суроо-талап көп товарлардын арасында:

  • Атыр — +110%;
  • Диеталык кошулмалар (БАДдар)— +105%;
  • Кремдер — +92%;
  • Чай — +65%;
  • Көйнөк жана сумкалар — ар бири +38%;
  • Ич кийим — +31%;
  • Футболкалар — +15%.

Рекорддук өсүү динамикасы бар категориялар:

  • Жаныбарлар үчүн паразиттерге каршы дарылар — +5140%;
  • Электршкафтарынын кулпулары — +5100%;
  • Курулуш маркерлери — +3880%;
  • Тазалоочу каражаттар — +1268%;
  • Ден соолук үчүн косметика — +178%;
  • Жер семирткичтер — +85%.

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоонун маанилүү факторуна айланууда. Санариптик платформалар ишкерлерге эл аралык рынокко чыгууну камсыздайт, сатуу каналдарын кеңейтет жана экспортко кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Эске салсак, Кыргызстанда күч алып жаткан Temu платформасы жакында эле биздин өлкөдө коттоодон өтүүгө даярдыгын билдирген. Мамлекеттик салык кызматында анын өкүлдөрү менен бирге жыйын өткөн.

Ошондой эле, жакында Wildberries сатып алуучулар үчүн кешбэк программасын ишке киргизди. Тилекке каршы, ал азырынча Кыргызстанда жеткиликтүү эмес. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.