Улуттук банктын жаңы талаптары
КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын төмөнкүлөргө ылайык келтирүүгө багытталган:
- КРнын «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (иштеп чыгууга) жана кылмыштуу кирешелерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына жана министрлер кабинетинин аталган мыйзамдын ишке ашырууга багытталган токтомуна;
- Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ) тарабынан иштелип чыккан акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга;
- «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексине;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 6-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна.
Токтом долбоорунда кандай өзгөртүүлөр сунушталууда
Документ укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам каза болгон учурда токтомдун аткарылышын токтотууга байланыштуу өзгөртүүлөрдү карайт, ошондой эле айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда, кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөнбөгөн айып пулдун суммасынын 1%ы өлчөмүндө туум эсептеле баштарын аныктайт. Бирок, туумду эсептөө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 35-беренесинде белгиленген максималдуу чекке жеткенде токтотулат, мындан тышкары, эгерде айып пул салуу жөнүндөгү токтом укук бузуучунун макулдугу менен ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан өз алдынча чыгарылган болсо, туум салуу жөнүндөгү токтом да ошол эле кызмат адамы тарабынан өз алдынча чыгарылат.
Мындан тышкары, токтомдун долбоору менен мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ФАТФтын эл аралык стандарттарына жана Евразиялык кылмыштуу кирешени легалдаштурууга жана терроризмди финансылоого каршы аракеттенүүчү топтун (ЕАГ) сунуштарына ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр сунушталууда.
Ошондой эле, финансы-кредиттик уюмдар бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматтарды жаңыртууда жеткиликтүү мамлекеттик маалымат системаларын жана маалыматтар базаларын пайдалануу менен аларды кайра текшерүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. Кардар тарабынан берилген маалыматтар менен көрсөтүлгөн системалардагы маалыматтардын ортосунда айырмачылыктар табылган учурда, алар белгиленген тартипте Финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматты жиберүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 6-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына адистештирилген финансылык уюмдардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен жаңы редакцияда бекитилген:
- Адистештирилген финансылык уюмдардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо;
- Адистештирилген финансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери (АФУ) ишинин өзгөчөлүктөрүнүн өзгөргөндүгүн эске алуу менен, бул долбоор менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардын аракети АФУнун ишин жөнгө салууга жайылтылды.
Алмаштыруу жайлары жана банктар үчүн
«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
8-пункттун 24-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалды:
«кардар тарабынан накталай чет элдик валюта менен бир жолку алмашуу операцияларын (суммасына карабастан) жүргүзүүдө кардардын жана кардардын ишенимдүү адамынын Санкциялык тизмеде бар же жок экендигин текшерүү жана операцияларды каттоо журналына кардардын жана/же кардардын ишенимдүү адамынын текшерилгендиги жөнүндө белги коюу»;
30-пункту төмөнкү редакцияда баяндалды:
Нак чет өлкө валютасын сатуу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- кардарды жана кардардын ишенимдүү адамын идентификациялоо жана Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жеке инсандыгын тастыктаган документтин (сүрөтү менен) негизинде жүргүзүлөт;
- эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы 1 млн сомго барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт, ошондой эле бенефициардык ээсин идентификациялоо жана санкциялык тизмелерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт (туруктуу ишкер мамилелер болбосо).
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террордук иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролду уюштуруунун минималдуу талаптары жөнүндө» жободо:
27-3-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталды:
«Банк юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндөгү (бенефициардык ээлердин анкеталары) бар болгон жана документ менен тастыкталган маалыматтарды, анын ичинде электрондук форматта корголгон байланыш каналдары аркылуу, кардарды тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөндөн же бенефициардык ээлер жөнүндө мурда берилген маалыматтарга өзгөртүүлөр аныкталгандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына берет.
Финансылык чалгындоо органына маалымат берүүдө банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кылмыштуу кирешелерди каржылоого жана легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык бенефициардык ээсинин анкетасын электрондук түрдө толтурууга милдеттүү»;
38-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталды:
«Бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматты жаңыртууда банк аларды жеткиликтүү мамлекеттик маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын колдонуу менен кайра текшерүүгө милдеттүү. Кардар тарабынан берилген маалыматтар менен жогоруда аталган тутумдардагы маалыматтардын ортосунда дал келбестиктер аныкталган учурда, тиешелүү маалыматты белгиленген тартипте каржылык чалгындоо органына жөнөтүү чаралары көрүлөт».
Белгиленгендей, бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
Документ менен толук таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.
Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 27-августунан кечиктирбестен [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.