Ар бир үчүнчү насыя кыска мөөнөттүү: 3 айга чейинки кредиттерге суроо-талап өсүүдө

Банктык эмес каржылык-кредиттик уюмдар 342,8 миң адамга жалпысынан 18,9 миллиард сомго микрокредит беришкен. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу:
- насыя алуучулардын саны 30,5%га көбөйгөн;
- берилген микрокредиттердин көлөмү 39,2%га өстү.
Бул өсүш калктын кошумча каржылык ресурстарга муктаждыгынын жогорулаганын жана микрокредиттик уюмдардын насыя жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө болгон активдүүлүгүн көрсөтөт.
Насыя мөөнөттөрүнүн структурасы
Микрокредиттердин эң чоң бөлүгү 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөттө берилген – 7,14 миллиард сом (37,8%). Дээрлик үчтөн бири – 6 айдан 12 айга чейинки кредиттерди түзөт (30,1%). Бирок эң жогорку динамика 3 айга чейинки кыска мөөнөттүү насыяларда байкалууда – 3,48 миллиард сом же жалпы көлөмдүн 18,4%. Былтыр бул көрсөткүч болгону 6,6% болгон. Бул ыкчам жана кыска мөөнөттүү насыяга болгон суроо-талаптын кескин жогорулаганын көрсөтөт.
Микрокредиттердин максаты
Карыздардын негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына багытталган – 61,5%. Бул үй-бүлөлүк бюджеттерге болгон басым дале сакталып жатканын жана альтернатива болгон каржылоо булактарынын чектелүү экенин билдирет.
Маанилүү үлүштөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- айыл чарбасы – 16,9%;
- соода жана коомдук тамактануу – 10,3%;
- транспорт жана байланыш – 3,3%.
Бул маалыматтар микрокредит берүү өз алдынча иштеген жарандар менен чакан бизнести колдоодо маанилүү роль ойноп жатканын далилдейт.
Аймактар боюнча бөлүштүрүү
Микрокредиттердин көлөмү боюнча эң активдүү аймактар:
- Бишкек – жалпы көлөмдүн 27%;
- Ош облусу – 16,6%;
- Жалал-Абад облусу – 14,1%;
- Чүй облусу – 13,4%.
Бул аймактар негизги кредиттик карыздардын да көпчүлүк бөлүгүн түзөт – 2025-жылдын 1-апрелине карата жалпы карыз 48,7 миллиард сомду түзгөн. Төлөнбөй жаткан кредиттердин көлөмү боюнча да Бишкек (26,4%), Чүй (15,7%), Ош (15,3%) жана Жалал-Абад (13,7%) облустары алдыңкы орунда турушат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.