MBANK тарабынан иштелип чыккан Minvest колдонмосу аркылуу кыргызстандыктар болгону 500 сом жана смартфондун жардамы менен Apple, Tesla жана Google компанияларынын совладельци боло алышат. Инвестиция процесси ачык-айкын жана ар бир колдонмону жүктөп алган колдонуучу үчүн жеткиликтүү.
- Minvest колдонмосун жүктөп алыңыз;
- Уюлдук телефон номуруңуз менен катталыңыз;
- Жеке маалыматыңызды верификациядан өткөрүңүз;
- Брокердик эсебиңизди толтуруңуз;
- Акцияларды тандаңыз;
- Инвестициялоону каалаган сумманы киргизиңиз;
- Ордер (сатып алуу буйругун) түзүңүз;
- Аткарылышын күтүңүз (Эгерде рынок ачык болсо, ордер дароо аткарылат);
- Бүтүмдү тастыктаңыз.
Даяр! Сиз акционер болдуңуз!
Minvest платформасынын артыкчылыктары:
- Төмөн кирүү босогосу — болгону 500 сом менен инвестицияны баштоо мүмкүнчүлүгү.
- Комиссиялар жок — MBANK аркылуу акча киргизүү жана чыгаруу кошумча чыгымсыз.
- Түшүнүктүү интерфейс — колдонмо жаңы баштаган инвесторлордун муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан жана каржы терминдерин терең түшүнүүнү талап кылбаган жөнөкөй жана түшүнүктүү функцияларды сунуштайт.
- Даяр инвестициялык чечимдер — Серепчилердин тажрыйбасына ишенгендер үчүн Minvest даяр инвестициялык портфельдерди сунуштайт.
Инвестор болуу менен, сиз рыноктогу өзгөрүүлөрдү байкап, инвестициялык портфелиңизди ой жүгүртүп кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Minvest — бул каржылык жоопкерчилик менен инвестицияга кадам таштагысы келгендер үчүн ишенимдүү курал.
Minvest — инвестицияны аң-сезимдүү жана натыйжалуу жасаңыз.
Баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча лицензия №23, 29.01.2024-ж., Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген.