Курс USD 87.17 / 87.65
Курс EUR 100.97 / 101.97
Курс RUB 1.085 / 1.112
Курс KZT 0.141 / 0.173
USD USD
87.17 / 87.65
EUR EUR
100.97 / 101.97
RUB RUB
1.085 / 1.112
KZT KZT
0.141 / 0.173

Салык кызматы соттун чечимисиз жеке адамдардын эсептерине кирүү боюнча ченемди алып салды

Мамлекеттик салык кызматы коомчулукта талкуу жараткан жеке жактарга салыктык төлөм талаптарын коюу тууралуу мыйзам ченеми боюнча түшүндүрмө берди.
Салык кызматы соттун чечимисиз жеке адамдардын эсептерине кирүү боюнча ченемди алып салды

Кеп мыйзам долбоорунун 146-беренеси тууралуу болууда, анда банктардын соттун чечимисиз жеке жактардын эсептери тууралуу маалыматтарды салык органдарына берүүгө мүмкүндүк берген.

Салык кызматынын позициясы 

Салык кызматынын бул демилгеси өз ишинде башка жеке жактардын эсептерин же электрондук капчыктарын колдонгон ак ниетсиз ишкерлер менен күрөшүүгө багытталган. 

Бул ченем жөнөкөй жарандарга тиешелүү эмес жана ишкердик менен алектенбеген жеке жактардын эсептерин текшерүүнү көздөгөн эмес.

Талкуунун натыйжасы: 

Коомдук талкууда айтылган тынчсызданууларды жана сын-пикирлерди эске алуу менен бул ченемди мыйзам долбоорунан алып салуу чечими кабыл алынды.

Тартип мурдагыдай калтырылат:

Уюмдар менен жеке ишкерлердин эсептери жана ошол эсептер боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана жана Салык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте гана суралышы мүмкүн.

Жеке жактардын эсептери жана операциялары боюнча маалыматтар мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде гана алынышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков маегинде салык жүгүн азайтуу жана ишкердикти колдоого багытталган салык мыйзамдарындагы олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берген.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.