Салык төлөөчүлөрдү кайра каттоо онлайн-форматка өткөрүлөт

Салык системасын санариптик трансформациялоонун алкагында Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдү кайра каттоо электрондук форматка өткөрүлөт.

Салык төлөөчүлөрдү кайра каттоо онлайн-форматка өткөрүлөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов «Биринчи радионун» түз эфириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда техникалык жабдууларды жаңылоо жана жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

«Бизде салык төлөөчүнүн жеке кабинети сыяктуу бир катар чоң системалар ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары сервердик техникалык жабдууларды модернизациялоо жана алардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө»,- деди төраганын орун басары.

Жаңы система кантип иштейт 

Онлайн-арыз берүү cabinet.salyk.kg порталы аркылуу «Каттоо» бөлүмүндө жеткиликтүү болот. 

Арызды Бирдиктүү идентификация системасынан өтүү аркылуу Smart-iD KG”ден жасоого болот. 

Документтерди тапшыргандан кийин салык кызматы арызды аралыктан карап чыгып, жыйынтыгын Салык төлөөчүнүн кабинетине жөнөтөт.

Каттоо же кайра каттоону ырастоо орто эсеп менен 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин созулат.

Салык төлөөчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлер же жеке тараптарга салык органына барбай эле онлайн опция аркылуу каттоодон өтсө болорун эскертет. Мындай санариптештирүү  бюрократиялык процедураларды азайтып, салык кызматтарына жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтөт.

Ошондой эле cabinet.salyk.kg порталы аркылуу арызды текшерип, жеке ишкерликти каттоо күбөлүгүн басып чыгара аласыз.

Эске салсак, салык төлөөчүлөрдү кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган демилгени Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көтөргөн.