Жай мезгилинин алдында бөлүп төлөө пландары өзгөчө актуалдуу бойдон калууда, анткени ал чөнтөккө олуттуу оорчулук келтирбестен, эс алуу, эмгек өргүү, саякат жана ири сатып алууларга жардам берет. Анын жардамы менен техника, эмеректерди, эс алууга керектүү буюмдарды алдын ала сатып алуу же зарыл кызматтарды төлөөгө болот, чыгымдарды бир нече айга бөлүп, бош каражатты башка жайкы чыгымдарга сактоого болот.
Бул мезгилде бөлүп төлөөнүн дагы бир артыкчылыгы - узак убакытка чейин үнөмдөөнү талап кылбастан пландарды тезирээк ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Туруктуу төлөмдөр сарптоолорду көзөмөлдөөгө ыңгайлуураак болот жана тез каттоо бул төлөм ыкмасын дүкөндөрдө жана банктык колдонмолор аркылуу дээрлик дароо жеткиликтүү кылат.
Кыргызстанда пайызсыз бөлүп төлөөнү «Кыргызкоммерцбанк», Doscredobank, «Азия Банк», «АБанк», «Оптима Банк», O!Bank, BAKAI, «Компаньон Банкы» жана MBANK банктарынан алууга болот. Бөлүп төлөө жолу менен товар сатып алганда, ал көбүнчө кредит боюнча күрөөгө коюларын эстен чыгарбоо керек.
«Кыргызкоммерцбанк» ААК
«Кыргызкоммерцбанктан» бөлүп төлөөгө жеткиликтүү сумма – 250 000 сомго чейин, 3 айдан эки жылга чейинки мөөнөткө. 100 000 сомдон ашык насыялар үчүн минималдуу 10% төлөм талап кылынат.
Doscredobank
Doscredobank Simbank тиркемесинде бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 1000 сомдон 200 000 сомго чейин эки жылга чейин алууга болот. Бөлүп төлөө боюнча төлөмдөр 2,24% комиссия менен ай сайын бөлүп төлөө таризделген күнү кармаларын эске алуу керек.
«Азия Банк» ААК
«Азия Банкы» өнөктөш чекене соода түйүндөрүндө товарларды сатып алуу үчүн бир күндө бөлүп төлөө насыяларын сунуштайт. Насыялар 3000 сомдон 150 000 сомго чейин эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө берилет.
«АБанк» ААК
«АБанк» ААКсы ZERO пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт, ал өнөктөштөрдүн кеңири тармагында биринчи төгүмсүз күнүмдүк сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. ZERO тиркемесинде 3 жылга чейинки мөөнөткө 200 000 сомго чейин алууга болот.
«Оптима Банк» ААК
«Оптима Банктан» бөлүп төлөөнүн эки өнүмү бар – «Тез бөлүп төлөө» жана «Пайда!». Биринчи вариантта - бир жылга 300 000 сом, экинчи вариантта алты айга 100 000 сомго чейин насыя берилет. Насыяны Optima24 тиркемеси аркылуу онлайн режиминде алуугаболот.
«О!Банк» ААК
O!Bank «O!Market аркылуу бөлүп төлөөнү» сунуштайт, «Мой О!» жана өнөктөш дүкөндөрдөн баштапкы төлөмсүз жана кошумча алымдарсыз алууга мүмкүн. 5 000 сомдон 300 000 сомго чейин үч айдан бир жылга чейин алууга болот.
BAKAI
BAKAI банктын өнөктөштөрүнөн 5 000 сомдон 500 000 сомго чейинки суммага жана үч айдан эки жылга чейинки мөөнөткө пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Өнөктөш дүкөндөрдүн арасында электроника, техника, компьютер, уюлдук телефон, эмерек, зер буюмдары, курулуш материалдары, терезелер дүкөндөрү жана туристтик фирмалар бар. 300 000 сомдон ашкан насыялар үчүн ишенимдүү адам талап кылынат.
«Компаньон Банкы»
«Компаньон Банкында» күрөөсүз жана ишенимдүү адамсыз товарларды сатып алууга 2 000 сомдон 200 000 сомго чейинки бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Мөөнөтү – үч айдан бир жарым жылга чейин. Эгерде пенсия жалгыз киреше булагы болсо, пенсионерлер 30 000 сомго чейин ала алышат. Эгерде башка киреше булактары болсо, анда сумма кайра каралышы мүмкүн.
MBANK
MBANK тиркемесинде түз эле бөлүп төлөө программасы бар. Бюджетке ашыкча күч келтирбестен керектүү нерсени сатып алуу үчүн төлөмдү 3 айдан 12 айга чейин бөлүп төлөөгө болот. M+ аркылуу электроника, эмерек, кийим-кече жана башка көптөгөн нерселерди программанын өнөктөштөрүнөн сатып алып, кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө болот. Бөлүп төлөөнүн мөөнөтү – 2 000 сомдон 100 000 сомго чейинки суммага 3 ай.
MBANK (MIslamic)
MBANK”тан «Адал бөлүп төлөө» каржылоосу - бул Mislamic ислам каржылоо принциптери боюнча кайра жаңыртылуучу лимит, ал өнөктөштөрдөн товарларды жана кызматтарды пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз сатып алууга мүмкүндүк берет. Каржылоо Кард (Qard - пайызсыз кайтарымдуу насыя) принциби боюнча берилет. Сатып алуу үчүн лимитти колдонуп, андан кийин алган сумманы так кайтарып берүү керек. Ар бир сатып алуу үчүн 4 айга чейинки мөөнөткө өзүнчө төлөм графиги белгиленет. Лимиттин суммасы 2 000 сомдон 40 000 сомго чейин.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.