Документти Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды, аталган мыйзам долбоору президенттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Долбоорго ылайык, бул чаралар зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнес субъекттерине колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат жана транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулат.
Мындан тышкары, тигүү тармагы үчүн киреше салыгынын ставкалары төмөндөйт жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери азаят.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.