«Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду Нарын облусундагы экономикалык долбоорлорду каржылоону улантат

Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын облусунун «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат.
Ошондой эле төмөнкүлөр да бекитилди:
- cоциалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө;
- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери;
- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим;
- Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика токтом менен бекитилди.
Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында ААК «Кепилдик фонду» жана «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.
Маалымат үчүн:
«Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду – бул Нарын облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги инструменти болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү ар кандай долбоорлорду, анын ичинде социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык демилгелерди каржылоого багытталган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.