Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, платформа 2026-жылдын 1-апрелинен тарта пилоттук режимде ишке киргизилген. Ушул убакка чейин электрондук аудиттин алкагында бюджеттик уюмдардын 32 аудити жүргүзүлүп, анын 25и толугу менен аяктады.
Жыйынтыгында 62,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Салыштыруу үчүн 2024-жылы 13,5 млн сомду түзгөн.
Ал эми аталган санарип форматынын жардамы менен командировкалык чыгымдарга 629 миң сом үнөмдөлгөнү кошумчаланды.
Санариптик платформаны киргизүү мамлекеттик аудиттин жол-жоболорунун жүз пайыз ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана адам факторун жок кылуу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Эми аудит мурдагыдай эки жума убакытты талап кылбайт, максимум үч күн убакыт кетет. «Казына.Бюджет», «ББУ» маалыматтык системаларынын жана мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалымат базасын колдонуу менен автоматтык түрдө текшерет.
Адылбек Касымалиев платформанын ишинин жыйынтыгын оң баалап, санариптик инструменттерин активдүү масштабдоо ишин улантууну тапшырды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.