2025-жылдын башына карата калктын саны 7,4 млн адамды түздү. Эмгекке жөндөмдүү калктын саны - 2,86 млн адам болду, анын ичинен жумуш менен камсыз болгон калктын санын 2,76 млн адамды түзөт.
Жумушсуздардын саны - 104,7 миң адам, ал эми жалпы жумушсуздук деңгээли - 3,7%ды түздү. Жыл жыйынтыгы менен республика боюнча расмий жумушсуздук деңгээли 1,3% болду.
Бош орундар
I кварталда 8 087 бош орун катталган, анын ичинен учурда - 5 243 жумуш орду актуалдуу бойдон калууда.
Көп талап кылынган адистер:
- мугалимдер - 323;
- медицина кызматкерлери - 527;
- тигүүчүлөр - 1 065;
- айдоочулар - 427;
- кызмат көрсөтүү тармагынын кызматкерлери - 1 000ден ашык.
Ошондой эле программисттерге, бухгалтерлерге, соода агенттерине жана IT тармагындагы адистерге суроо-талап өсүүдө.
Иш менен камсыз кылуу жана колдоо
Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын алкагында 3 562 жумушсуз жаран жумушка орноштурулган. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 57 700 адамды түздү, расмий жумушсуз макамына ээ жарандардын саны - 38 270 .
Министрлик тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү кызматтары жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөт. Алар:
- жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкаттарды берүү;
- кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификацияны жогорулатууга жөнөтүү;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө;
- убактылуу жумуш менен камсыз кылуу;
- соцконтракт аркылуу колдоо жана стажировкалар.
Жалпысынан кызматтарга 39,4 миңге жакын адам кайрылган, 2 миңден ашууну окууга жөнөтүлгөн.
Каякта эң көп төлөйт:
2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, тармактар боюнча орточо айлык эмгек акы төмөнкүдөй:
- кен казуу өнөр жайы — 86 971 сом;
- финансы сектору — 83 277 сом;
- маалымат жана байланыш — 80 277 сом;
- өнөр жай — 68 101 сом;
- эң аз төлөнүүчү тармактар — билим берүү (27,3 миң сом) жана маданият.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.