Жагымдуу кабар: Кыргызстанда жумушсуз жарандар азая баштады

Кыргызстанда 2024-жылга карата жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөн. Бул Улуттук статистикалык комитети жүргүзгөн үй-чарбаларынын бюджети жана жумушчу күчү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында тастыкталган.

Жагымдуу кабар: Кыргызстанда жумушсуз жарандар азая баштады

Негизги көрсөткүчтөр:

Жалпы жумушчу күч (15 жаштан жогорку жарандар) 2,9 миллион жаранды түздү. 

Анын ичинен 2,8 миллиону – иштегендер, ал эми 104 миңден ашыгы – жумушсуздар. 

2023-жылга салыштырмалуу:

  • иштеген жарандардын саны 4%га көбөйгөн;
  • жумушсуздардын саны 7%га кыскарган.

Иштегендердин жыныстык курамы:

  • Эркектер — 1,7 млн адам;
  • Аялдар — 1,1 млн адам.

Жумуштуулук деңгээли:

2024-жылы ал 57%ды түзгөн (2023-жылдагы 56,2%га каршы).

Эркектердин жумуштуулук деңгээли - 72%, аялдардыкы - 43%.

2024-жылы жумушсуздуктун деңгээли 3,7% га төмөндөдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,4% га төмөн.

Статком эмгек рыногундагы мындай динамика экономиканын акырындык менен калыбына келе баштаганын жана жумушчу орундардын санынын көбөйгөнүн айгинелей турганын белгилейт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.