Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Финансылык жөнгө салуучу орган тарабынан коммерциялык банктарга 2027-жылдын 1-апрелине чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берүү чечими кабыл алынды.
Токтом расмий жарыяланган күнү күчүнө кирди. Документ менен толук шилтеме аркылуу тааныша аласыз.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын июль айында Улуттук банк коммерциялык банктарга эскилиги жете элек чет өлкө валютасын өлкөдөн сырткары алып чыгууга убактылуу уруксат берген. Анда КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилген.
Бул чаранын максаты КРнын банк тутумунда нак чет өлкө валютасынын ликвиддүүлүгүн натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болгон.
Эске салсак, анда коммерциялар банктар төмөнкүлөргө милдетүү болгон:
- накталай АКШ долларын экспорттоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого;
- накталай АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүлгөн операция жөнүндө маалымат (отчет) берүүгө.
2025-жылдын сентябрында каржылык жөнгө салуучу орган кайрадан эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга берилген мөөнөттү дагы алты айга - 2026-жылдын 1-апрелине чейин узарткан.
2026-жылдын март айында Кыргызстандын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2026-жылдын 1-октябрына чейин узартылган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.