Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Жыл башынан бери Кыргызстанда исламдык каржылоонун көлөмү 54%га өстү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк секторунун өнүгүүсүндөгү негизги тенденциялар тууралуу маалымдап, ресурстук базанын жана негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн туруктуу жогорку активдүүлүгүнүн өсүшүн белгиледи.

Жыл башынан бери Кыргызстанда исламдык каржылоонун көлөмү 54%га өстү
Сүрөт: Banks.kg

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органы билдирди. 

31-августка карата абал боюнча КР аймагында 26 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 308 филиалы иштеп турган. Анын ичиненен 6 коммерциялык банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана (же) чет өлкө валюталарында кызматтарды сунуштаган.

2026-жылдын башынан бери:  

Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 24,2% өсүү менен 1 трлн 504,8 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 24,9% өсүү менен 633,3 млрд сомду түздү.

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 6,1% өсүү менен 919,2 млрд сомду түзгөн.

Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 54,3% өсүү менен, 29,7 млрд сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, 31-июлга карата ислам принциптеринин негизинде каржылоонун көлөмү 2026-жылдын башынан бери 45,1%га өскөн, ал эми Кыргызстандын банк секторунун активдери 1,5 триллион сомдон ашкан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.