КРде банктар кандай суммадагы акчага документтик тастыктоо талап кылат?

Каражаттын келип чыгышын далилдөө - кеңири таралган практика болуп саналат. Документтер автоматтык түрдө талап кылынган так суммалар банктын ички саясатына жана кардардын тобокелдик деңгээлине жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Banks.kg порталы Кыргызстандагы бир нече банктарга: «Банктар акча каражаттарынын келип чыгышы боюнча документтерди кайсы суммадан тарта талап кылышат?» деген суроо менен кайрылды.
Финансылык уюмдар бизге төмөнкүлөрдү билдиришти:
- «Банк Азия» ЖАКда - 1 млн сом суммадан ашканда;
- «Евразия сактык Банкы» ААКсы - 1 млн сомдон ашканда;
- «ЭкоИсламикБанк» ЖАКсы - 1 млн сомдон ашканда;
- «Capital Bank» ААКсы- 200 миң сомдон ашканда.
«Компаньон Банкы» ЖАК жана «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы эсепти толуктоо үчүн банктын филиалына келүү керектигин, аны толтуруунун бардык реквизиттери караларын билдиришти.
Банк үчүн шектүү көрүнгөн бардык сумма, акча каражаттарынын келип чыгышы боюнча документтерди талап кылууга негиз болушу мүмкүн. Ошондуктан, каржылык операцияларды жүргүзүүдө кечиктирүүлөрдөн жана кошумча суроолордон оолак болуу үчүн мындай далилдерди алдын ала берүүгө даяр болуу жакшы.
Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык банктары кардары, анын ишмердүүлүгүнүн түрү, киреше булактары жана банк операцияларынын максаттары жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана текшерүүнү камтыган «Өз кардарыңды бил» процедурасын аткарууга милдеттүү.
Буга чейин Banks.kg порталы акча каражаттарын алууда банктан акча каражаттарынын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктаган кандай документтер талап кылынышы мүмкүн экенин тактаган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.