Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн 53 047 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 48 907 арыз мамлекеттик ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн кароого кабыл алынган. «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу - 40 254 арыз берилип, кабыл алынган.
Ошол эле учурда система тарабынан 4 140 арызды кабыл алуудан баш тартуу фактысы катталган. Анын негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат:
- баланын жана арыз ээсинин иш жүзүндөгү жашаган дарегинин дал келбеши;
- балага карата «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу боюнча буга чейин эле жарактуу арыз катталган болушу;
- арыз ээсинин паспорту жараксыз болушу;
- баланын Кыргызстандын аймагынан тышкары төрөлүшү;
- жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында (ЖААК) бала тууралуу маалыматтын жоктугу;
- жөлөкпулду камкорчу тариздеген учурда анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу зарыл документтердин берилбеши;
- баланын жаш курагы мыйзамда белгиленген үч жаштан ашып кетиши.
Эмгек министрлиги жарандарды өздөрүнүн жеке маалыматтарын «Санарип Аймак» системасында өз убагында жаңыртып турууга чакырат.
Буга чейин аталган жөлөк пул алгачкы этапта эки мамлекеттик банк аркылуу төлөнөрү белгилүү болгон.
Эске салсак, «Бала ырысы» ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пулу президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 жарлыгы менен киргизилген.
Төлөмдүн өлчөмү ар бир бала үчүн төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейин айына 1200 сомду түзөт. Арыздарды кабыл алуу уланууда.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.