Орусиядагы Wildberries компаниясынын логистикалык комплекстерине жасалган чабуулдар өлкөдөгү эң ири маркетплейстин жана миңдеген сатуучулардын ишине таасирин тийгизүүнү улантууда. Алардын арасында Кыргызстандын ишкерлери да арбын. Электросталь жана Котовск аймагындагы кампалар жабыркагандан кийин компания сатуучуларга компенсация төлөй турганын, ошондой эле каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтөрүн жарыялаган.
Эске салсак, Краснодардагы Wildberries кампасына жасалган чабуулдун кесепетинен жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бир адам каза болгон. Ал эми 18-июлга караган түнү компаниянын Электросталь жана Котовск аймактарындагы логистикалык комплекстери жабыркаган, ал жакта миңдеген сатуучулардын товарлары сакталып келген.
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн билдирген. Маалым болгондой, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2 млн рублдан, ал эми оор абалда жабыркагандарга 1 млн рублдан төлөнөт.
Мындан тышкары, маркетплейс товарлары жоголгон же жабыркаган сатуучуларга каржылык колдоо көрсөтө баштады.
«Бүгүн оор күн болду. Кубань администрациясынын маалыматына ылайык, тилекке каршы, бүгүн кампабызга жасалган чабуулдун кесепетинен бир адам каза болду. Анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жардам көрсөтөбүз. Бүгүн Электросталь шаарындагы кампада жабыркаган товарлар үчүн сатуучуларга алгачкы компенсацияларды эсептей баштайбыз. Биз үчүн биринчи кезекте эң чакан жана эң аз корголгон ишкерлерди колдоо маанилүү – алардын саны 88 миңден ашат. Бир сутканын ичинде каражат сатуучулардын балансында пайда болот», – деп билдирди Татьяна Ким.
Анын айтымында, компания логистиканын ишин да калыбына келтирүүдө. Товарларды чыгарып кетүү кызматынын иши бир сутканын ичинде калыбына келет деп күтүлүүдө. Учурда Wildberries жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн товарларды кампалардын ортосунда кайра бөлүштүрүп жатат. Ошол эле учурда артыкчылык буга чейин таризделген кардарлардын буюртмаларын иштеп чыгууга жана жөнөтүүгө берилет.
Бул маалымат Кыргызстандын сатуучулары үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени кийим-кече, үй-тиричилик буюмдары, косметика жана аксессуар өндүрүүчүлөрдүн көбү товарларын сактоо үчүн Орусиядагы кампаларды пайдаланып, Wildberries аркылуу иш жүргүзүшөт. Компания компенсацияларды эсептөөнүн акыркы механизмин азырынча ачык жарыялай элек.
Буга чейин Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги аталган логистикалык кампаларга жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин баштаганын кабарлаган. Учурда министрлик ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн алдын ала чыгымын аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүп, маалыматтарды чогултууда.
Wildberries компенсацияларды төлөө тартиби, талап кылынуучу документтердин тизмеси жана мындан аркы колдоо чаралары боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү сатуучулар үчүн порталында жарыялоону убадалады.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.