Акциянын жыйынтыгында банк төрт жеңүүчүгө жана алардын коштоочуларына - жалпы сегиз жолдомо белекке тартуулайт.
Ар бир жеңүүчү толук турпакетке ээ болот:
- эки адамга авиакаттам;
- мейманканада жашоо (3 күн / 2 түн);
- 2025-жылдын 22-ноябрында өтө турган жылдын башкы спорттук окуясы - UFC Fight Night Doha 2025 турниринин билеттерин.
Кантип катышууга болот
BAKAI ар бир кардар өз бактысын сынап көрө алышы үчүн төрт катышуу категориясын даярдады:
- Эң активдүү жеке кардар. Жеңүүчү 2025-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн операциялардын саны боюнча аныкталат - төлөмдөр, которуулар жана жеке эсептерден жасалган бардык транзакциялар эске алынат.
- Эң активдүү бизнес-кардар. BAKAI Business кардарларынын арасында жеңүүчү болуп, эң көп чыгыш төлөмдөрдү (клиринг, гросс, SWIFT) жана QR аркылуу төлөмдөрдү аткарган компания табылат.
- Камсыздандыруу полисин сатып алган кардар. Жеңүүчүлөрдүн бири акциянын жүрүшүндө BAKAI Камсыздандыруу компаниясынан ОСАГО полисин тариздеткен кардарлардын арасынан тандалат.
- Instagram сынагынын катышуучусу. Жеңүүчү @bakaibank.kg баракчасынын жазылуучуларынын арасынан туш келди тандалат. Катышуу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек: постко лайк коюу, баракчага жазылуу, комментарийде досун белгилөө жана сториске репост кылуу.
Акция 2025-жылдын 26-октябрынан 10-ноябрына чейин өткөрүлөт.
Катышууга 18 жаштан жогору болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гана уруксат берилет. Конкурстун жүрүшүндө катышуучунун Instagram аккаунту ачык болушу жана реалдуу сүрөттөрдү камтышы керек.
BAKAI өз кардарларына дүйнөлүк спорттук окуянын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт!
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.
