Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тараптар кирешелерге салынуучу салыктар боюнча кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап жатышат.
Ведомство белгилегендей, мындай макулдашуунун түзүлүшү бир катар экономикалык артыкчылыктарды берет. Алсак, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө болот.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Кипр кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.