Banks.kg порталы крипто алдамчылардын эң кеңири тараган ыкмалары жана алардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу айтып берет.
Укмуштуудай берешендик
Социалдык тармактардагы алдамчылыктын бир түрү белгилүү компаниянын, криптобиржанын жана башка уюмдардын атынан уюштурулган жасалма утуш оюндары (гивдер). Мындай учурда социалдык тармактардагы жасалма аккаунттар укмуштуудай берешендик акциясын уюштургандай түр көрсөтүшөт.
Кээде мындай «шектүү акциялардын» уюштуруучулары колдонуучулардан, мисалы, BNB, ETH же BTC сыяктуу криптоактивдерди жөнөтүүнү суранышат. Алар муну долбоорду колдоо үчүн керек деп түшүндүрүп, анын ордуна ыраазычылык катары жөнөтүлгөн монеталардын бирин эмес, эки-үч, ал тургай он эсесин кайтарып берерин убадалашат. Бирок иш жүзүндө, албетте, эч нерсе кайтарылбайт, ал эми жасалма аккаунт жок болуп кетет.
Иш жүзүндө ири соода аянтчаларынын чыныгы аккаунттары эч качан өз колдонуучуларынан платформаны колдоо шылтоосу менен активдерди которууну сурашпайт.
Финансылык пирамидалар
Инвестиция салууда этият болуп, топтогон акчаңызды салууну пландап жаткан долбоордун ар бир майда-чүйдөсүнө көңүл буруу зарыл. Финансылык пирамидалардын кеңири тараган иштөө ыкмаларынын бири «Понци схемасы». Ал өзүнүн схемасын ойлоп таап, ишке ашырган италиялык «пирамида куруучу» Чарльз Понцинин урматына ушундай аталып калган.
Бул схеманын маңызы жөнөкөй: инвестор жаңы катышуучуларды баштапкы төгүм төлөөгө тартат. Мисалы, «финансылык компаниянын» делген «уставында» ар бир жаңы катышуучу кеминде 10 000 сом өлчөмүндө кирүү төгүмүн төлөшү керектиги көрсөтүлүп, анын ордуна ай сайын инвестициясынын 10% өлчөмүндө кошумча киреше алууга убада берилет. Андан кийин уюштуруучу дагы бир «кардарды» таап, ал да 10 000 сом инвестиция салат. Жаңы түшкөн акчаны колдонуу менен уюштуруучу айдын аягында мурдагы инвесторго 11 000 сом төлөп бере алат. Андан соң экинчи инвесторго төлөө үчүн дагы бир кардарды тартууга тийиш.
Система баскычтар боюнча түзүлгөндүктөн, «пирамида» деп аталат. Анын жетекчисинен төмөн турган катышуучулар өздөрүнөн кийинки баскычта иштей турган белгилүү сандагы адамдарды тартууга милдеттүү. Алардын ар бири да өз кезегинде белгилүү сандагы адамдарды чакырат. Бул процесс ушундайча баскычтан баскычка улана берет.
Ошентип, каражаттардын негизги агымы кандайдыр бир фонддордун же валюталардын ойдон чыгарылган кирешесине эмес, жаңы аманатчыларды тартууга негизделет. Жаңы катышуучулар түгөнгөндө, система киреше алып келбей калат. Пайданы уюштуруучу жана балким, алгачкы «инвесторлор» гана калат. Калгандары болсо жөн гана акчасынан айрылышат.
Жасалма мобилдик тиркемелер
Эң кооптуу алдамчылык ыкмаларынын бири сыртынан ишенимдүү көрүнгөн жасалма мобилдик тиркемелер. Алар сырткы көрүнүшү боюнча чыныгы тиркемелерден дээрлик айырмаланбашы мүмкүн: графиктер, саптар, баалар жана жалпы дизайны бирдей болот.
Айрым колдонуучулар аккаунтунун балансын толуктап, кандайдыр бир биржаларда соода жүргүзө башташат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин акчасын чыгарып алууга аракет кылганда, атүгүл акча чыгаруу баскычы да иштебей калганына күбө болушат.
Андан соң бир топ текшерүүлөрдөн кийин колдонуучу капчыгын толуктап жатканда акчаны чындыгында алдамчынын эсебине жөнөткөнүн түшүнөт. Ал эми алдамчы түшкөн каражаттын эсебинен өзүнүн жасалма тиркемесиндеги трейдердин балансын толуктап турган. Бирок чындыгында булар экрандагы жөн гана кооз сандар болуп, алардын эч кандай реалдуу баалуулугу жок болот.
Зыяндуу код камтылган башка тиркемелер да кездешет. Алар буга чейин орнотулган чыныгы тиркемелердин логиндери жана сырсөздөрү тууралуу маалыматтарды уурдап алышат. Мындан тышкары, айрым жасалма тиркемелерди Apple Store же Google Play платформаларынан да тапса болот. Алардын рейтингдери да жогору болушу мүмкүн.
Фишинг
Фишинг колдонуучунун жеке маалыматтарын, анын ичинде логиндерин жана сырсөздөрүн алуунун кеңири тараган алдамчылык ыкмасы. Ишенчээк колдонуучулар өздөрү эле алдамчыларга керектүү маалыматтарды берип коюшат.
Бул жеке кат алышуу же банктын, биржанын же башка уюмдун оператору катары тааныштырган адамдын телефон чалуусу болушу мүмкүн. Шылтоолору ар кандай болгону менен, максаты бир: маалымат алуу. Электрондук почтага келген каттар да кооптуу. Кээде алдамчылар каттын ичине, мисалы, сиз соода жүргүзгөн биржага өтүү үчүн шилтеме жайгаштырышат. Шилтемеге өткөндө, сырткы көрүнүшү чыныгы кызматка окшош жасалма сервис баракчаны жаңыртуу болгонун шылтоо кылып, маалыматтарды кайра киргизүүнү талап кылат. Маалыматтарды киргизгенден кийин алдамчылар логин жана сырсөздөрдү автоматтык түрдө алып, криптоактивдериңизге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Telegram платформасында да белгилүү бир криптовалюталарга же биржаларга арналган расмий топтордо алдамчылар көп кездешет. Эгерде кайсы бир колдонуучу көйгөйү тууралуу билдирсе, алдамчы өзүн компаниянын кызматкери катары тааныштырып, аны менен байланышка чыгышы мүмкүн. Алар кардардын инсандыгын тастыктоо шылтоосу менен сид-фразаны сурашы ыктымал.
Бирок сид-фразаны билген адам сиздин каражатыңызга да жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун түшүнүү маанилүү. Кардарларды колдоо кызматынын бир дагы чыныгы оператору мындай маалыматтарды билдирүүнү эч качан суранбайт.
#WSDKG2026, #WSD2026

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.