Курс USD 86.84 / 87.34
Курс EUR 99.49 / 100.48
Курс RUB 1.058 / 1.089
Курс KZT 0.115 / 0.186
USD USD
86.84 / 87.34
EUR EUR
99.49 / 100.48
RUB RUB
1.058 / 1.089
KZT KZT
0.115 / 0.186

Май айындагы майрамдарда эс алуу үчүн каяктан насыя алса болот: Кыргызстандын банктарынын шарттары

Май айындагы майрамдарды утурлай, Кыргызстандын банктары эс алуу үчүн экспресс-насыяларды сунушташат. Ал үчүн 200 миң сомду кандай шартта алса болоорун карап көрөлү. А сиз алдыдагы эс алуу күндөрүн кантип өткөрөөрүңүздү чечтиңизби?
Май айындагы майрамдарда эс алуу үчүн каяктан насыя алса болот: Кыргызстандын банктарынын шарттары

Алдыдагы май айындагы майрамдарга карата көпчүлүк кыргызстандыктар эс алуу жөнүндө ойлоно башташты. Анда чет өлкөгө саякат болобу, же өлкө ичиндеги турларбы же жөн гана табиятта кичи эс алуубу, сиздин тандооңузга жараша эс алууга насыя алууну пландагандар үчүн Кыргызстандын банктары документтердин минималдуу пакети менен бир катар экспресс-насыяларды сунушташат. 

Кыргызстандын банктарындагы керектөө насыяларынын орточо шарттары

  • Насыянын суммасы: 50 миң сомдон 500 миң сомго чейин; 
  • Төлөө мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин; 
  • Пайыздык ченемдери: жылдык 14% дан 28% га чейин (бул кайсы банк экендигинен жана займ алып жаткан кардардын категориясына байланыштуу болот);
  • Алуунун формасы: накталай банк картасына;
  • Төлөө: дифференциялыкпы же башкабы; 
  • Камсыз кылуу: көпчүлүк учурда 300 миң сомго чейин талап кылынбайт;
  • Документтер: паспорт, ИНН, киреше тууралуу маалымкат (кээ бир банктарда кредиттик тарыхчаңыз жакшы болсо сурабайт). 

200 миң сом насыяны эсептөөнүн мисалы

  • Мөөнөтү: 12 ай;
  • Ченеми: жылдык 24%;
  • Ай сайын төлөө: 18 миң 700 сом; 
  • Жалпы төлөмдүн суммасы: ~224 миң 400 сом.

(Эсептешүү төлөө схемасына жана комиссияга байланыштуу болот) 

Эмнеге көңүл буруу керек

  1. Комиссияны жана мөөнөтүнөн мурда төлөө шарттарын тактаңыз. 
  2. Пайыздык ченемдердин эффективдүүлүгүн салыштырыңыз — ал бардык жашыруун төлөмдөрдү санайт. 
  3. Насыяны алып жатканда реалдуу төлөө жөндөмүңүзгө караңыз, болбосо эмгек өргүүңүз каражаттык татаалдыкка келишиңиз мүмкүн.

2025-жылдын апрель айына карата күрөөсүз керектөө насыялары Кыргызстандын дээрлик бардык коммерциялык банктарында жеткиликтүү. Алардын арасында:

  • «Айыл Банк» — күрөөсүз 300 миң сомго чейин, 14% дан баштап насыя берет;
  • «Элдик Банк» — 250 миң сомго чейин, экспресс насыяга акция бар 17% менен; 
  • «Бакай Банк» — 300 миң сомго чейин ишенимдүү адамы жок, пайыздык ченем 17,8% ден 24%га чейин; 
  • «Капитал Банк» — 150 миң сомго чейин, пайыздык ченем 18%дан баштап;
  • «Евразийский Сберегательный Банк» — 200 миң сомго чейин пайыздык ченем: улуттук валютада  жылына 20%дан баштап, АКШ доллары менен жылдык 12%дан баштап;
  • «Дос-Кредобанк» — 500 миң сомго чейин, пайыздык ченем 20%дан баштап; 
  • «Кыргызкоммерцбанк» — 100 миң  сомго чейин, пайыздык чен 21%;
  • «Керемет Банк» — 300 миң сомдон жогору же АКШ доллары менен или 21%;
  • «Оптима Банк» — 300 миң сомго чейин, пайыздык чендери сом менен 22%дан баштап;
  • «Демир Банк» — 300 миңго чейин, пайыздык чени жылдык 22%;
  • MBANK — 250 миң сомго чейин, пайыздык чен жылдык 24%дан баштап;
  • «Бай Түшүм Банкы» — 300 миң сомго чейин, жылдык пайыздык ченем сом менен 25%дан баштап; 
  • «Азия Банкы» — 500 миң сомго чейин сунуштайт, пайыздык чен жылдык 26%дан баштап;
  • «O!Банк» - 500 миң сомго чейин экспресс насыя, пайыздык чен жылдык 26%;
  • «Компаньон Банкы» - 200 миң сомго чейин, пайыздык чени 26,99%;
  • KICB — 500 миң сомго чейин, жылдык пайыздык чени 28%дан баштап; 

«Коммерциялык банк КСБ», «Толубай Банк», «ФинансКредитБанк», «ФИНКА Банк», ошондой эле «ЭкоИсламикБанк» кредиттерди күрөөсүз берет, бирок так сумма арызды жекече кароонун жыйынтыгы менен болот. 

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.