Курс USD 87.11 / 87.60
Курс EUR 101.52 / 102.50
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.141 / 0.182
USD USD
87.11 / 87.60
EUR EUR
101.52 / 102.50
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.141 / 0.182

Скрудж Макдак суктанат: кыргызстандыктар он жыл ичинде канча алтын куймасын сатып алышты?

КРнын Улуттук банкы Banks.kg редакциясына инвестициялык алтын куймаларынын жарандарга сатылышы, алардын келип чыгышы, стандарттары жана учурдагы рыноктук тенденциялары тууралуу кеңири маалымат берди.
Скрудж Макдак суктанат: кыргызстандыктар он жыл ичинде канча алтын куймасын сатып алышты?

– Акыркы 10 жыл ичинде жарандарга алтын куймаларын сатуунун көлөмү канча болду?

– 2015-жылдан (алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуунун башталышы) 2025-жылдын 18-июнуна чейин Улуттук банк төмөнкүдөй көлөмдө сатты: 597,2 кг алтын куймасы, алардын жалпы суммасы 3 миллиард 44,4 миллион сом.

Анын ичинде жылдар боюнча:

  • 2015-ж. — 61,37 кг / 158,23 млн сом;
  • 2016-ж. — 62,71 кг / 185,47 млн сом;
  • 2017-ж. — 60,67 кг / 172,54 млн сом;
  • 2018-ж. — 19,82 кг / 60,63 млн сом;
  • 2019-ж. — 17,17 кг / 58,29 млн сом;
  • 2020-ж. — 44,35 кг / 204,84 млн сом;
  • 2021-ж. — 37,26 кг / 192,92 млн сом;
  • 2022-ж. — 125,25 кг / 746,29 млн сом;
  • 2023-ж. — 35,93 кг / 206,46 млн сом;
  • 2024-ж. — 63,83 кг / 463,70 млн сом;
  • 2025-жылдын 1-январынан 18-июнга чейин — 69,31 кг / 600,15 млн сом.

– Алтын куймаларынын келип чыгышы тууралуу айтып берсеңиз.

– Өлчөнгөн алтын куймалары Улуттук банк тарабынан ички рыноктон артыкчылык укугунун алкагында сатылып алынган аффинирленген алтындан жасалат.

Куймаларды өндүрүүчү компаниялар тендер аркылуу тандалат. Тендер жыйынтыгы боюнча куймалар төмөнкү ишканаларда чыгарылган: Казакстан тыйын сарайы жана «Алтын» КЗК. Ошондой эле 100 граммдык айрым куймалар «Кыргызалтын» ААК тарабынан чыгарылган.

– Кыргызстандын куймалары эл аралык рыноктогу окшош товарлардан эмнеси менен айырмаланат?

– Өлчөнгөн алтын куймалары КМС 1281:2015 «Өлчөнгөн алтын куймалары» улуттук стандартынын негизинде чыгарылат.

Куймалардын курамындагы алтындын тазалыгы – 99,99%. Ар бир куймада уникалдуу номери, салмагы жана пробасы жазылган маркировка бар.

Куймалар атайын коргоочу таңгакка салынып, ал сапатка жооп берген сертификаттын кызматын да аткарат. Куйманын номери менен сертификаттагы номер дал келиши керек. Таңгактын бүтүндүгү куйманын аныктыгын тастыктайт.

– Калктын алтын куймаларына болгон суроо-талабы кандай өзгөрүп жатат?

– Алтын куймалары бул банктык өндүрүм, ал калктын акчалай топтомдорун валюталык рыноктогу туруксуздуктан жана инфляциядан коргоого жардам берет.

Жалпысынан, каржы рыногунда туруксуздук жаралганда, алтындын баасы өскөндө, эл куймаларды көбүрөөк сатып ала баштайт. Бул учурда алтын ишенимдүү жана альтернативалуу сактоочу каражат катары каралат. 

– Кыргызстанда алтындын баасы кандайча эсептелет?

– Куймалардын сатуу баасы күн сайын аныкталат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Лондон ассоциациясы тарабынан аныкталган мурунку күндүн алтын баасы (АКШ долларында);
  • АКШ долларынын расмий курсундагы сом менен которулган наркы;
  • Улуттук банктын чыгымдары: алтындын өздүк баасы, куйманы жасоо чыгымдары, таңгак, транспорт, камсыздандыруу, салык жана бажы төлөмдөрү.

Ошентип, доллардын курсу же дүйнөдө алтын баасы өзгөрсө, Кыргызстандын куймаларынын баасы да өзгөрөт.

2015-жылдан бери куймалардын таңгак форматы жана салмактык категорияларында өзгөрүү болгон жок.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.