Бизнес эсеп - бул жөн гана жеткирүүчүлөрдү төлөө, кардарлардан төлөмдөрдү кабыл алуу жана салыктарды төлөө куралы эмес. Бул компаниянын финансылык туруктуулугунун ачкычы. Тилекке каршы, заманбап алдамчылар жеке адамдардын эле эмес, корпоративдик эсептердеги акчаларды да уурдоо үчүн ар кандай схемаларды колдонушат. Көпчүлүк учурда мындай коркунучтарды жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоо менен алдын алууга болот.
SMS-коддорду жана сыр сөздү эч кимге бербеңиз
Банктар көбүнчө операцияларды ырастоо үчүн - бир жолку сыр сөздөрдү колдонушат. Эч качан ал тургай сизге банктан чалып, «операцияны ырастоону» суранган күндө да, бул маалыматты үчүнчү жактар менен бөлүшпөңүз. Чыныгы банк текшерүү эч качан телефон аркылуу сыр сөздү айтууну талап кылбайт.
Кирүү үчүн логин жана сыр сөз сөздү коргоңуз
Интернет-банктын же мобилдик тиркеменин сыр сөзү эсепке кирүү ачкычы болуп саналат. Аны телефонго же компьютерге жазып сактап албаңыз, кесиптештериңиз же бейтааныш адамдар менен бөлүшпөңүз. Уникалдуу, татаал сырсөздү колдонуп, аны дайыма алмаштырып турганыңыз оң.
Шилтемелер жана файлдарды ачууда этият болуңуз
Алдамчылар көбүнчө банк эскертмелери сыяктуу жасалма электрондук каттарды жана шилтемелерди жөнөтүшөт — фишинг жана телефон виншинги. Бул шилтемелерди басуу менен кокусунан аккаунтуңузга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышыңыз мүмкүн. Ар дайым сайттын дарегин текшериңиз, расмий банк шилтемелерин гана колдонуңуз жана ишенимдүү булактардан жүктөлүп алынган мобилдик колдонмолорду колдонуңуз.
Расмий банк кызматтарын гана колдонуңуз
Расмий банк колдонмолору жана сайттары маалыматтын коопсуз болушун жана үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнөн коргоойт. Эсепти башкаруу үчүн үчүнчү тараптын кызматтарын колдонбоңуз жана белгисиз порталдарга маалымат киргизбеңиз.
Телефонуңузга ишенимдүү коргоо орнотуңуз
Эгер сиз бардык эрежелерди сактасаңыз да, телефонду жоготуп алуу же компьютерди бузуп кирүү сыяктуу коркунучтар шылуундарга эсепке жетүү мүмкүнчүлүгүн берип коюшу мүмкүн. Түзмөктөрдү бөгөттөө үчүн сыр сөздөрдү, PIN-коддорду, биометрияны же бетти таанууну колдонуңуз. Вирустарды жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн операциялык системаны жана тиркемелерди дайыма жаңыртып туруңуз.
Операцияларды жана билдирүүлөрдү көзөмөлдөңүз
Эсептеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө билдирүү функцияларын кошуп алыңыз. Анын жардамы менен дароо эле шектүү чыгарып алууларды байкайсыз жана эсепти бөгөттөө үчүн банк менен тез байланыша аласыз. Көчүрмөлөрдү жана төлөмдөрдүн тарыхын үзгүлтүксүз текшерип туруңуз.
Кызматкерлерди окутуу керек
Эгерде бизнес эсепке кызматкерлерде жеткиликтүүлүк болсо, анда аларды коопсуздук эрежелерине үйрөтүү маанилүү: шектүү шилтемелерге кирбөө, жалпы сыр сөздү колдонбоо, ырастоо коддорун ачыкка чыгарбоо.
Алдамчылар ар дайым аялуу жерлерди издешет. Бирок бул жөнөкөй эрежелерди сактасаңыз, бизнес эсебинен акчаңызды жоготуп алуу коркунучу минималдуу болот. Бизнестин коопсуздугун туура уюштуруу каражаттарды гана коргобостон, убакытты үнөмдөөгө жана нервди сактоого жардам берет.
Материал MBANK адистеринин көмөгү менен даярдалды.
#GMW2026KG #GMW2026 #GlobalMoneyWeek2026 #SmartMoneyTalks

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.