Курс USD 87.30 / 87.79
Курс EUR 98.64 / 99.64
Курс RUB 1.040 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.30 / 87.79
EUR EUR
98.64 / 99.64
RUB RUB
1.040 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.188

Кантип кредиттик картаны колдонуу менен бирге пайыздарды төлөбөй коюу керек?

Эгерде жөнөкөй эрежелерди сактаса, кредиттик карта бекер акча булагы болуп калышы мүмкүн. Эң негизгиси - накталай акча алуу же которууларды жүргүзбөй, жеңилдетилген мөөнөткө кармануу. Биз кантип ашыкча төлөбөш керек жана жеңилдиктерди максималдуу колдонуу керектиги тууралууайтып беребиз.
Кантип кредиттик картаны колдонуу менен бирге пайыздарды төлөбөй коюу керек?

Жеңилдетилген мезгил деген эмне жана ал эмне үчүн  маанилүү?

Жеңилдетилген мезгил – бул банктын акчасын ашыкча төлөбөстөн, колдоно ала турган убак. Бул накталай эмес сатып алууларга гана тиешелүү жана пайыздарды эсептебестен сарпталган сумманы толугу менен кайтарууга мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк банктар 35 күндөн 65 күнгө чейин жеңилдетилген мөөнөттөрдү сунушташат. Бирок адашып калбоо үчүн бул мөөнөт кантип эсептелерин  түшүнүү керек.

Жеңилдетилген мезгилдин эки түрү бар: туруктуу жана туруктуу эмес

Туруктуу эмес эсептөө ыкмасы

Бул учурда, жеңилдетилген мезгил экиге бөлүнөт: отчеттуулук жана төлөө:

  • Отчеттук мезгил - бул картаны колдонуу менен акча сарптаган ай;

  • Төлөм мөөнөтү - андан кийин 20-30 күн, андан кийин карызды төлөө керек.

Мисалы:

Сиз кредиттик картаңызды 1-марттан 31-мартка чейин колдондуңуз. 1-апрелден 20-майга чейин бардыгын төлөөгө убакыт келди.Эгерде  20-майга чейин жетишсеңиз, үстөк пайыздар алынбайт.

Туруктуу эсептөө ыкмасы

Бул жерде жеңилдетилген мезгил сатып алган учурдан тартып башталат. Эгерде сиз 5-апрелде телефон сатып алган болсоңуз, мисалы, акчаны кайтарууга 100 күнүңүз бар. Ал эми 15-майда бир нерсе сатып алсаңыз ал өзүнчө эсептеле башталат. Бул жөнөкөй ыкма болгону менен бирок сизде көп чыгымдар болсо жана сатып алууларды бат-баттан жасасаңыз, эсептөөлөр баш аламан болуп кетиши мүмкүн.

Жеңилдетилген мөөнөттүн чегинен кантип чыкпоо керек?

Онлайн банкингдеги даталарга көз салыңыз

Тиркеме сизге кайсы күнгө чейин баарын төлөшүңүз керектигин айтып турат. Эстеткичке коюп алсаңыз да, тынч уктайсыз.

Милдеттүү төлөмдү толук төлөө менен чаташтырбаңыз

Минималдуу төлөм – бардык сумма эмес. Үстөк пайыз төлөп калбоо үчүн сарпталган сумманы толугу менен кайтарышыңыз керек.

Төлөмдү акыркы күнгө калтырбаңыз

Каражаттын төлөнүшү үч жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бардыгынан да алдын ала төлөгөн жакшы анда сиз эч нерсени өткөрүп жибербейсиз.

Кредиттик картаны кантип пайдалуу колдонуу керек: кеңештер

  • Отчеттун башталышында ири сатып алууларды жүргүзүңүз- анткени сиз үстөк пайызы жок максималдуу күндөрдү колдоно аласыз. 
  • Используйте карту только для покупок, а не для переводов или снятия. Картаңызды бир гана сатып алууларга колдонуңуз, акча которуу жана накталай алуу үчүн эмес
  • Автоматтык төлөмдү кошуп алыңыз, убагында төлөөнү унутпайсыз.
  • Карыздарды көбөйтпөңүз. Кредиттик карта — аман калуунун куралы эмес, акыл менен колдонууга инструмент.

Карызды убагында төлөбөсө эмне болот?

  • Үстөк пайыздар жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин эмес, сатып алган күндөн тарта эсептеле баштайт.
  • Кечигип төлөө сиздин кредиттик тарыхчаңызжы бузуп, келечекте бөлүп төлөө жолдору менен да каражат берилбей калышы мүмкүн.

Кредиттик картаны колдонуу жана пайыздарды төлөбөө үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл: накталай акча албаңыз, которууларды жасабаңыз, шарттарга жана убакытка көз салып, карызды толугу менен төлөңүз. Ошондо карта карыздын булагы эмес, ишенимдүү жана эркин жардамчы болуп калат.

Кызыктуу факты

Кыргызстанда 65 күнгө чейин пайызсыз рекорддук жеңилдетилген Visa кредиттик картасы пайда болду. Аны «Бакай Банк» сунуштап жатат жана бул чындыгында ыңгайлуу: сатып алуулар үчүн азыр төлөө, үстөк пайызсыз төлөмдү эки айдын ичинде кайтара аласыз. 

Каттоо жана тейлөө акысыз, лимит 5 айлыкка чейин, ал эми карта менен төлөм жүргузгөн үчүн 5% чейин кэшбэк кайтарылат. Бардык операциялар тиркемеде, карта 2 жыл жарактуу. Эгерде сиз көптөн бери колуңузда акча сактоонун ыңгайлуу жолун издеп жүрсөңүз, балким аны таптыңыз.

Толугу менен маалымат алуу үчүн «Бакай Банктын» расмий веб-сайтына кириңиз!

#gmwkg2025

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.