ТОП-8 суроо-талапка ээ болгон жана ыңгайлуу акча которуу системалары

Банктык эсеп ачпастан акча которуу — бул каражат жөнөтүүнүн эң ыңгайлуу ыкмаларынын бири. Бул кызмат өзгөчө зарыл болгон учурларда, мисалы, бир жолку шашылыш которууларда маанилүү роль ойнойт.

ТОП-8 суроо-талапка ээ болгон жана ыңгайлуу акча которуу системалары

Бул тууралуу FINCA Bank маалымдайт.

Western Union

АКШга, Европага жана башка өлкөлөргө акча жөнөтүүнүн же алуунун эң ыңгайлуу жолу.

  • Валюта: АКШ доллары.
  • Которуулар Банктын кеңселери аркылуу жөнөтүлүп жана алынат.
  • Комиссия: багытка жана суммага жараша өзгөрөт.

UPT

Дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө акча жөнөтүүгө ылайыктуу система.

  • Валюта: евро, АКШ доллары.
  • Которуулар Банктын кеңселери аркылуу жеткиликтүү.
  • Комиссия: багытка жараша белгиленет.

MoneyGram

Дүйнөнүн бардык бурчуна акча жөнөтүүнүн ыңгайлуу чечими.

  • Валюта: АКШ доллары.
  • Которуулар Банктын кеңселери аркылуу жүргүзүлөт.
  • Комиссия: суммага жана багытка жараша эсептелет.

«Золотая Корона»

Орусияга, Казакстанга же Өзбекстанга рубль жөнөтүү үчүн мыкты тандоо. Мындан тышкары, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө келген жана жөнөтүлгөн которуулар үчүн да ыңгайлуу.

  • Валюта: доллар, евро, рубль.
  • Которууну «Элкарт» картасына алуу, интернет жана мобилдик банк аркылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Банктын кеңселери аркылуу да колдонсо болот.
  • Комиссия: багытка жараша өзгөрөт.

«Тулпар»

Кыргызстандын ичинде FINCA Банк аркылуу акча которуу керек болсо.

  • Сом, доллар, евро жана рубль менен ички которуулар үчүн мыкты тандоо.
  • Комиссия: сумманын 0,1%.
  • Которуулар талап боюнча эсептен жүргүзүлөт.

KWIKPAY

КМШ өлкөлөрүнө жана чет өлкөгө рубль жана доллар жөнөтүү үчүн идеалдуу чечим.

  • Валюта: АКШ доллары, рубль.
  • Жиберүү Банктын кеңселери аркылуу жүргүзүлөт.
  • Комиссия: валютага жана багытка жараша эсептелет.

Ria

АКШ, Европа жана башка өлкөлөргө акча жөнөтүү үчүн ыңгайлуу.

  • Валюта: АКШ доллары, евро.
  • Которууларды «Элкарт» картасына алуу жана мобилдик/интернет-банкинг аркылуу эл аралык карталарга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Банктын кеңселери аркылуу да жеткиликтүү.
  • Комиссия: багытка жана суммага жараша белгиленет.

Astrasend

Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголияга акча жөнөтүүнүн эң мыкты чечими.

  • Валюта: рубль.
  • Которуулар Банктын кеңселери аркылуу жөнөтүлөт.
  • Комиссия: багыт жана суммага жараша эсептелет.

Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы төмөнкү банктардагы акча которуу системалары тууралуу жазган: «Айыл Банк», «РСК Банк» (азыркы «Элдик Банк), «Керемет Банк», «Компаньон Банкы», «Бай Түшүм» Банкы, «Дос-Кредобанк», «Оптима Банк», «Кыргыз-Швейцария Банкы» (азыркы «КСБ Коммерциялык банкы»), «Кыргызкоммерцбанкы», «Азия Банкы», «ФинансКредитБанкы», KICB. Убакыттын өтүшү жана геосаясий өзгөрүүлөрдөн улам айрым маалыматтар актуалдуулугун жоготушу мүмкүн.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.