Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Автордук укукту каттоо үчүн Кыргызпатентке кантип өтүнмө жиберүү керек?

Автордук укукту каттоо – ыктыярдуу, бирок маанилүү процедура, ал сиздин чыгармаңызга автордук жана менчик укуктарды расмий түрдө белгилөөгө мүмкүндүк берет. Автордук укук менен корголуучу чыгарманы каттоого арызды кантип даярдап, тапшыруу керек жана Кыргызпатентте каттоо жол-жобосу кандайча жүргүзүлөт, айтып беребиз.

Автордук укукту каттоо үчүн Кыргызпатентке кантип өтүнмө жиберүү керек?
Иллюстрациялык сүрөт

Автордук укук - интеллектуалдык менчикти коргоо 

Автор же автордук укук объектисине мүлктүк укуктардын ээси өз каалоосу боюнча - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (Кыргызпатент) өз чыгармасын каттай алат. Кыргызпатент элге жарыяланган же элге жарыяланбаган чыгармаларды каттайт: 

  • жазуу жүзүндө (кол жазма, машиналык жазуу, ноталык жазуу ж.б.); 
  • оозеки (эл алдында айтуу, эл алдында аткаруу);
  • сүрөттөлүштөр (сүрөт, эскиз, картина, план, чийме, кино, видео же фото-кадр ж.б.);
  • көлөмдүү-мейкиндиктик (скульптура, модель, макет, жабдуу ж.б.);
  • башка формаларда.

Автордук укук объектисин каттоого өтүнмө түзүү жана берүү

Автордук укук объектисин каттоого өтүнмө берүүгө укугу бар адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:

  • жарандыгы көз карандысыз, КРде жашаган авторлор жана анын укук мураскери;
  • автор жана анын укук мураскери – КРнын чегинен тышкары чыгарма жараткан жана аны элге жарыялаган КРнын жараны;
  • автор жана анын укук мураскери - белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген, КР мүчө болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жараны;
  • эгерде аны менен автордун ортосундагы келишим менен башкасы шартталбаган болсо, анын буюртмасы боюнча жана анын эсебинен чыгарма жаратылган жумуш берүүчү.

Арыз өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз же өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Чет өлкөлүк өтүнмө ээси чыгармаларын каттоого байланышкан иштерин жүргүзүү үчүн өзүнүн өкүлүн дайындай алат. Өтүнмөнү өкүл аркылуу берүүдө өтүнмөгө КРнын мыйзамдарына ылайык таризделген, өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктоочу ишеним кат тиркелүүгө тийиш. Ишеним кат арыз менен кошо көрсөтүлөт.

Өтүнмө түздөн-түз Кыргызпатентке же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы аркылуу берилет. Ал төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

  • автордук укук объектисин каттоого арызды;
  • депонирленүүчү материалдын бир нускасын же анын көчүрмөсүн.

Арызга тиркелүүчү документтер:

  • өтүнмө ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;
  • эгерде укук ээси автор болуп эсептелбесе, мүлктүк укуктарды алгандыгын тастыктоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • белгиленген өлчөмдө каттоо алымынын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ же каттоо алымын төлөөдөн бошотуу, ошондой эле аны азайтуу үчүн негиз;
  • эгерде өтүнмө өкүл аркылуу берилсе, өкүлдүн атына ылайыктуу түрдө таризделген ишеним кат.

Мындан тышкары өтүнмө ээси буюртма келишими боюнча жаратылган кызматтык чыгармалар жана чыгармалар чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер жөнүндө таанышуу барагына кол коюуга тийиш.

Өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн документтери башка тилде түзүлгөн болсо, анда аларга ылайыктуу түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелүүгө тийиш. 

Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери берилет жана алардын келип түшкөн датасы белгиленет. Кыргызпатент өтүнмөнү документтердин толук топтомун камтыган учурда гана кабыл алат.

Өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатентте 15 жумуш күндүн ичинде каралат. Бул убакыттын ичинде өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого, оңдоого укуктуу. 

Өтүнмөнү кароонун жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:

  • өтүнмөнүн материалдарынын талаптарга ылайык туура таризделгендиги;
  • өтүнмө берилген объект автордук укук объекттерине таандык экендиги.

Белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча Кыргызпатент өтүнмө ээсине суроо-талап алынган датадан тартып 15 жумуш күндүн ичинде болгон кемчилдиктерди жоюу сунушун жөнөтөт. Өтүнмөнү кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө 15 жумуш күнгө узартылат.

Суроо-талап үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

  • төлөнгөн каттоо алымынын суммасынын белгиленген өлчөмдөргө ылайык келбөөсү;
  • тиркелген документтердин талаптагыдай эмес таризделиши;
  • арыздын графаларында талап кылынган маалыматтарды тактоо зарылдыгы;
  • депонирленүүчү материалдарды тариздөөгө талаптардын бузулушу.

Эгерде өтүнмө ээси 15 жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жойбосо - анда өтүнмө чакыртылып алынды деп саналат.

Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында каттоого берилген объект автордук укук объектилери болуп эсептелүүчү объектилерге таандык экендиги аныкталса, бул автордук укук объектисин каттоо жөнүндө чечим чыгарылат.

Автордук укук объектисинин түрүнө жараша жана ылайыктуу алым төлөнгөн шартта КРнын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестринде объектини каттоо жүргүзүлөт.

КРнын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтарды Кыргызпатент белгилейт.

Каттоо күнүнөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде, ылайыктуу алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсине автордук укук объектисин каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.

Бир нече автор болгон учурда күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөнгөн шартта алардын каалоолору боюнча күбөлүк алардын ар бирине берилиши мүмкүн.

Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында каттоого көрсөтүлгөн объект автордук укук объектиси болуп эсептелүүчү объектилерге таандык эмес экендиги белгиленсе, бул объектти каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Автордун каалоосу боюнча катталган автордук укук объектиси жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтар библиографиялык жана аннотациялык маалыматтарды камтыйт. Аннотация өтүнмө ээси тарабынан даярдалат жана анын мазмуну Кыргызпатент менен макулдашылат. Жарыялагандыгы үчүн алымдар жарыялоо каражаттарына төлөнүүчү баанын өлчөмүндө алынат.

Жогорудагы жол-жоболор сиздин чыгармачылык ишиңизди укуктук жактан коргоону камсыздайт жана сизди мамлекеттик деңгээлде мыйзамдуу автор же укук ээси катары тааныйт.

Эрежелер менен дагы да толук кандуу таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.  

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.