Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.49 / 99.48
Курс RUB 1.043 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.49 / 99.48
RUB RUB
1.043 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.188

Эмне үчүн жашоону жана ден соолукту камсыздандыруу керек: аргументтер, мисалдар, перспективалар

Өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу – бул күтүлбөгөн нерселерден коргоочу каржылык калкан. Биз ал эмне үчүн керек экенин, кандайча иштей турганын жана эмне үчүн кийинкиге калтырбоо маанилүү экендигин айтып беребиз.
Эмне үчүн жашоону жана ден соолукту камсыздандыруу керек: аргументтер, мисалдар, перспективалар

Кыргызстанда өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу маселеси дале олуттуу кабыл алынбай келет. Кээ бирөөлөр камсыздандыруу бул акчаны текке кетирүү деп эсептешсе, кээ бири «эч нерсе төлөбөгөн» досторун эстешет, ал эми айрымдары жөн гана ийгиликке үмүттөнүшөт. Ошол эле учурда, каржы системасы өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу аманат же инвестиция сыяктуу эле финансылык сабаттуулуктун негизги элементи болуп саналат.

Өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу эмне берет?

Камсыздандыруунун негизги максаты бул- тобокелдиктерден коргоо. Эч ким ооруну, жаракат алууну, кырсыкты жана өзгөчө өлүмдү алдын ала айта албайт. Башкы кырсык түшкөндө каржылык колдоо пайдалуу гана эмес, жашоого эң керектүү нерсе болуп калат. Камсыздандыруу полиси төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • Оор диагноз коюлган учурда дарыланууга мүмкүндүк алуу;  
  • Жаракат же операция болгондон кийинки калыпка келүү үчүн каражат;  
  • Багуучудан ажыраганда үй-бүлөсүн акча менен камсыз кылуу;  
  • Күтүлбөгөн чыгымга учураганда карызга же насыяга батып кетпөө.

Бул коомдук саламаттыкты сактоо мекемелери жетишсиз мезгилинде жана жеке клиникалар олуттуу чыгымдарды талап кылган шарттарда өзгөчө маанилүү.

Чыныгы болгон кейстер: Камсыздандыруу кантип сактайт

Мисал 1:

Айгүл 34 жашта, ал жогорку окуу жайда мугалим. Андан 2023-жылы залалдуу шишик дартын аныкташкан. 2 жылдай болгон камсыздандыруусуна байланыштуу ал 500 миң сомдой каражат алып чет жактан дарылуунусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

«Камсыздандыруу полисим болбогондо, биздин үй-бүлө батирибизди сатууга мажбур болмокпуз», - деп билдирген Айгүл.  

Мисал 2:

«Мен олуттуу жол кырсыгына кабылып, көп жылдар бою иштей алган эмесмин. Камсыздандыруу келишими менен мага батиримдин ижарасын жана дарлануумдун каражататына жеткидей компенсация төлөп беришкен», - деп айтып берди айдоочу болуп иштеген Азамат.

Мындай окуялар Кыргызстанда дагы эле сейрек кездешкени менен алардын саны күндөн күнгө өсүүдө - анын финансылык билим берүүнүн өнүгүшүнүн аркасында өсүп жатат.

Коопсуздук канча турат?

Кеңири таралган мифтердин бири - камсыздандыруу өтө кымбат деген түшүнүк. Негизи базалык полисти жылына 2-5 миң сомго сатып алса болот. Кээ бир банктар жана микрофинансылык уюмдар насыя алууда өмүрдү камсыздандырууну камтыган бириктирилген пакеттерди сунушташат. Ал эми ири иш берүүчүлөр социалдык пакеттерге камсыздандыруу полисин  киргизе башташты.

Баасы жашына, ден соолугунун абалына, мөөнөттүн узактыгына жараша болот. Бирок, атүгүл минималдуу коргоо да маанилүү учурда негизги ролду ойной алат.

Эмне үчүн кыргызстандыктар камсыздандырууга болгон мамилесин кайрадан карап чыгуусу керек

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларына болгон терс мамиле ишенбөөчүлүк жана маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.

Бирок, тенденция өзгөрүүдө: барган сайын көбүрөөк адамдар келечек жөнүндө ойлонуп, ден соолугуна кам көрүп, камсыздандырууну таңууланган кызмат катары эмес, каржылык туруктуулуктун куралы катары көрө башташты.

Камсыздандыруу полисин алууда эмнеге көңүл буруу керек

  • Дайыма келишимди толук окуп кандай тобокелчиликтер бар экендигин тактоо керек.  
  • Чектөөлөрдү эске алуу керек – мисалы, өнөкөт оорулар же айрым жаракаттар көп учурда камтылбайт.
  • Бардык төлөмдөрдү жана документтерди сактаңыз – каражат алуу үчүн чыгымдардын далили талап кылынат.  
  • Бир катар камсыздандыруу компанияларын салыштырыңыз—шарттары айырмаланышы мүмкүн. 

Жыйынтык: Камсыздандыруу – бул жоопкерчилик, коркунуч эмес

Жашоодо күтүлбөгөн нерселер көп болот, анын маңызы ушунда. Бирок биз оор учурларга даярданып, алардын кесепеттерин азайта алабыз. Өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүү. Муну канчалык тезирээк түшүнсөк, эртеңкиге ошончолук ишенимдүү карайбыз.

Ошондой эле Banks.kg сайтынан Global Money Week - 2025ке арналган материалдарды окуңуз:

#GMW2025

#GMWKyrgyzstan2025

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.