Автордун жаңылыктары: Гулзина
Жаңылыктар
Финкөзөмөл ломбард иштеткендерге кыймылсыз мүлктү күрөөгө алууга тыюу салынганы эскертти
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ломбард ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
16:39, 23.10.2025Дүйнөдө криптовалюта ээлеринин саны 700 млн адамдан ашты
Дүйнө жүзү боюнча криптовалюта ээлеринин жалпы саны 700 миллион адамдан ашты, ал эми активдүү колдонуучулардын саны 40–70 миллионго жетти.
13:04, 23.10.2025Жыл башынан бери Кыргызстанда курулушка болгон инвестиция 19%га өстү
Курулуш тармагы дале Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн кыймылдаткычы бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, инвестиция негизинен ички тармакта, ал эми тышкы каржылоо азайган.
10:15, 23.10.2025Айып пул төлөбөгөндөргө бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда
Кыргызстанда КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынган айып пулдарды милдеттүү түрдө төлөө боюнча талаптар күчөтүлүүдө.
15:41, 22.10.2025Улуттук банктын резерви көбөйүп, кирешеси 13 эсеге өстү
КРнын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп болду.
11:33, 22.10.2025Кыргызстандын сырткы соодасынын көлөмү дээрлик 10 пайызга кыскарды
2025-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1%га төмөндөп, 9,8 млрд АКШ долларын түздү.
10:40, 22.10.2025Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби жакынкы арада бекитилет
Бул тартипти белгилөөгө багытталган токтом долбоору КРнын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан. Өзүнө-өзү тыюу салынган учурда насыя алуу мүмкүнбү жана бул механизм кандай иштейт, Улуттук банктан Banks.kg порталына түшүндүрмө беришти.
15:49, 21.10.2025Жаңы үч банк азырынча Улуттук банкка лицензия үчүн кайрылыша элек
КРнын Улуттук банкы Banks.kg порталына төрт жаңы банктын лицензиялык статусу жөнүндө кошумча маалымат берди, алар - «Берекет Банк» ЖАК, «Кылым Банк» ААК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАК.
10:11, 21.10.2025Улуттук банк электрондук акчаларды чыгарууну жөнөкөйлөтүүнү көздөөдө
КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.
15:27, 20.10.2025Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май, турак жайга болгон баалар өсүүдө
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 2025-жылдын сентябрына карата өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 5,5%ды түздү.
14:04, 20.10.2025Жыл башынан бери 13 салыкчы иштен айдалды
2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине карата 181 кайрылуу түшкөн.
11:38, 20.10.2025Эмне үчүн Англия Банкынын короосуна тыт дарактары отургузулган?
Англия Банкынын ички короосунда төрт экзотикалык тыт дарагы өсүп турат. Бул дарактар кокусунан отургузулган эмес, анын эки себеби бар.
15:28, 17.10.2025Алтындан биржалык баасы тарыхый рекордду кайрадан жаңылады
Дүйнөдө алтындын биржалык баасы тарыхый рекорддорду жаңылоону улантууда. Кыргызстанда да бул баалуу металлга болгон баа кымбаттап жатат.
09:48, 17.10.2025Binance колдонуучуларын колдоо үчүн 400 млн доллар бөлөт
Учурда криптовалюта рыногу туруксуз мезгилди баштан кечирүүдө. Акыркы апталарда эң ири активдердин баасы ондогон пайызга төмөндөп, соода көлөмү азайып, трейдерлер мажбурланган ликвидацияларга туш болушту. Соода аянтчаларына болгон жүк көбөйүп, колдонуучулардын ишеними кайрадан сыноого кабылууда.
15:02, 16.10.2025Кыргызстанда инфляция жыл башынан бери 5,5%ды түздү
2025-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5%ды түздү.
11:07, 16.10.2025Белгилүү кытай маркетплейси Temu Кыргызстанда салык төлөй баштады
Бөгөт коюу коркунучунан кийин Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүп жаткан Кытайдын Temu маркетплейси МСКга салык төлөй баштады.
09:58, 16.10.2025Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты
2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү.
17:11, 15.10.2025Кыргызстанда ломбарддарга болгон талаптарды катаалдатуу сунушталды
Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинетинин «Ломбарддардын ишмердүүлүгүнүн маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
12:32, 15.10.2025Улуттук банк жаңы исламдык инвестициялык «Вакала биль-истиcмар» инструментин ишке киргизди
КРнын Улуттук банкы «Вакала биль-истисмар» келишимин банктар жана банктык эмес каржылык уюмдар үчүн шариаттык инвестициялоо инструменти катары пайдалануу, жоопкерчилик жана көзөмөл эрежелерин кенен тактады.
11:02, 15.10.2025Жашоо кымбаттоодо: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомду түздү
2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын адам башына жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 миң 758 сомду түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11%га өскөн.
09:52, 15.10.2025Кыргызстандын банк секторунда ата мекендик капитал 80%дан ашыгын түзөт
Акыркы жылдары Кыргызстандын банк секторунда жалпы уставдык капиталдын өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалып бир эле мезгилде ата мекендик капиталдын үлүшү көбөйүп, чет өлкөлүк катышуунун үлүшү азайган.
14:04, 14.10.2025Улуттук банк «Берекет Банк» ЖАКсын уюштурууга уруксат берди
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
10:01, 14.10.2025АКШ менен Кытайдын соода тиреши жаңы деңгээлге чыгууда
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы соода мамилелеринин кайрадан курчушуна байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.
16:01, 13.10.2025Wildberries платформасы Кыргызстанда клубдук арзандатуу системасын киргизди
Wildberries маркетплейсинин Кыргызстандагы мобилдик тиркеменин жана сайттын колдонуучулары эми WB Клубга жазылуу мүмкүнчүлүгүн ала алышат, ал кошумча кызматтар жана жогорулатылган арзандатууларды бермекчи.
09:53, 13.10.2025Кыргызстанда алтын куймаларынын бардык түрү кымбаттады
Апта башынан бери Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы көтөрүлүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришүүдө.
17:01, 10.10.20253 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыроо: SIM-карта жана электрондук капчыктарды сатуунун тобокелдиктери
КРнын Улуттук банкы антифрод-системасын жана шектүү транзакцияларга бөгөт коюуга банктарды милдеттендирди. Эми жөнгө салуучу орган электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды сатуу же өткөрүп берүү боюнча кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге жоопкерчиликти, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү көздөөдө.
15:41, 10.10.2025Эмгек рыногунун күнгөй-тескейи: орточо айлык өсүүдө, медианалык эмгек акы – төмөндөөдө
Кыргызстан боюнча медианалык сунушталган айлык акы 2025-жылдын III чейрегинде 37 284 сомду түздү, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 19,2%га төмөн.
13:28, 10.10.2025МСК салык «полициясын» түзүү долбоорун артка чакыртып алды
Мамлекеттик салык кызматы коомдук талкууга койгон салык кылмыштары менен күрөшүү боюнча атайын башкармалык түзүү боюнча токтом долбоорун артка чакыртып алды.
11:59, 10.10.2025Эми жеке ишкерлер лизинг механизмин колдоно алышат
Кыргызстанда финансылык ижара рыногун өнүктүрүүгө жана лизингдик компаниялардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынды.
17:38, 09.10.2025Насыялык терс маалыматты сактоонун мөөнөтү 3 жылга чейин кыскарышы мүмкүн
Экономика жана коммерция министрлиги «КРнын кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
13:09, 09.10.2025